Путин: Жээнбеков менен байма-бай жолугуп турабыз

Путин: Жээнбеков менен байма-бай жолугуп турабыз

РФ башчысы Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөдү.

Кремль сарайына эки өлкөдөн 6 миңдей адам келген.

“Россияны да, Кыргызстанды да стратегиялык өнөктөштүк менен тилектештик байланыштырып турат. Ал барган сайын өнүгүүдө. Саясий диалогдор жүрүп жатат. Президент Жээнбеков менен байма-бай жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр да жогорку деңгээлде өттү”, — деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости