Президенттин кызынын сойкуканасы менен баңги заттары элиталардын көңүлүн ачкан

Президенттин кызынын сойкуканасы менен баңги заттары элиталардын көңүлүн ачкан

2000-жылдын башында Өзбекстанда да көптөгөн түнкү клубдар жабылган. Эмне себептен мындай иштер кылынып жатканы тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Бийлик адеп-ахлаксыздыкка каршы күрөшүү үчүн зарыл чара дегендей түшүнүк берди.

Бирок, көнүмүштүн негизги очогу-ташкенттик “Баша” элита клубу жабылбастан, ишин уланта берди. Клуб президент Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримованыкы болчу жана сойкулук менен баңги затка карабастан ага эч ким кийлигише алчу эмес. Бул тууралуу «ВЕРСИЯ» маалымат агентиги жазып чыкты.

Өзбекстандын хан айымынын клубуна элитанын өкүлдөрү гана кире алат.”Баша” клубу саясатчы, ишкер жана күч органдарына ичимдиктер менен татымдардан(закуска) башка да нерселер сунушталганы эч кимге сыр эмес. Клубдун менюсунда дайыма жаңы жана сулуу кыздар менен жаш балдар да бар болчу. Алар Гульнара Каримованын конокторунун көңүлүн ачып берчү.

Президенттин кызынын клубу тууралуу ал жактан каалаган нерсеңди таап алсаң болот деп кыйытып айтылган пикирлер да калтырылган.

Uznews.net басылмасынын журналисттери “Баша” клубунун алдында дайыма укук коргоо органдарынын эки унаасы турганын айтышкан. Алардын айтымында, укук коргоочулар клубдун кардарларынын тынчын албоо үчүн эч кимди киргизбей, кайтарып турушкан. Клубдун эшигине келгендерди милиция кызматкерлери сылыктык менен узатып коюшчу. Ал эми, Каримованын клубунда сүрөткө тарта турган болсоң, кечени темир тор аркасында улантышың мүмкүн. Көрүнүп тургандай Каримова таасирдүү конокторунун репутациясын коргоо үчүн татыктуу төлөм төлөгөн.

Каримовага карата кылмыш иши козголгондон кийин, анын бүткүл менчиги жабылып, конфискацияланган. Ташкенттин борборундагы “Баша” элита клубу дагы жабылган. Албетте, экс-президенттин кызынын камакка алынышы клубдун бай жана белгилүү кардарларын катуу коркуткан. Анткени Гульнара Каримованын камакка алынышы качандыр бир кезде кол тийбес болуп эсептелген элиталардын жазага тартылышынын символу болуп саналган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости