Нурсултан Кубанов Америкада IT-тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашат

Нурсултан Кубанов Америкада IT-тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашат

Нурсултан Кубанов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин программасы боюнча IT-тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашуу мүмкүндүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Кубанов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, АКШнын Кыргызстандагы элчиси бүткүл мамлекеттин маалымат технологиялары боюнча алектенген 5 талапкерди тандап алган.

«Калган төрт талапкер чынында абдан кыйын адистер экен, көбү IT-тармагында Кыргызстанда жар салбай эле чоң иштерди жасап жаткан жаштар. Биз Америкага барып, дүйнөлүк окуу жайлар, ийгиликтүү IT-компанияларга барат экенбиз», — деп жазган.

Ал ошондой эле билим берүү жаатында учурда Орто Азияда жок долбоор даярдалып жатканын кошумчалаган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости