Аксы районундагы мугалимдер Билим берү жана илим министрлигин айлык акыларын мыйзамсыз кыркып салганы үчүн сотко берет. Бул тууралуу Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы орто мектебинин социалдык педагогу, айылдык кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов маалымат булактарга билдирген

Мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигин сотко берет

Аксы районундагы мугалимдер Билим берү жана илим министрлигин айлык акыларын мыйзамсыз кыркып салганы үчүн сотко берет. Бул тууралуу Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы орто мектебинин социалдык педагогу, айылдык кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов маалымат булактарга билдирген.

Маалыматка ылайык, мугалимдер айылык маянасынын себепсиз кыскартылганына нааразы болуп жатышат.

«Билим берүү жана илим министрлигин сотко бергени жатабыз. Себеби, министрлик биздин айлык маянаны себепсиз кыркып салууда. Майрам күндөрү иштеген жоксуңар деген шылтоону айтышты. Башка тармактарда иштегендерге майрам күндөрү дагы акы төлөнөт. Эмгек кодексинде майрам күндөрү дагы акы төлөнүп берилет деп жазылган. Мисалы, 1-январь жана 7-январь күндөрү иштеген жоксуңар деп айлыктан белгилүү бир сумманы азайтып салышыптыр. Мугалимдердин айлыгы жогорулады деген менен кыркып салган учурлар көп болуп жатат. Учурда Жалал-Абад облусундагы райондордо ушундай көйгөй бар экен. Биз азыр сотко арыз берүүгө даярданып жатабыз», — деген Тилеген Керимкулов.

Эске салсак, 1-октябрдан тарта 120 миңден ашык мугалимдин айлыгы 30 пайызга жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости