ШОК! Мамлекет башчынын ооруп калганы коомчулукту дүрбөтүүдө

ШОК! Мамлекет башчынын ооруп калганы коомчулукту дүрбөтүүдө

Европада жаңы типтеги коронавирус ылдам жайылган жана каза болгондордун саны ылдам өскөн Италияга коңшу Ватиканда мамлекет башчысы жана католиктердин руханий лидери Папа Францисканын ооруп калганы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Картинки по запросу "Папа Франциска"

Папа оорусунан улам башкара турган сыйынуу программасын токтотту.

Белгилей кетсек, Ватикан катчысы Маттео Бруни 83 жаштагы Папа Францисканын жеңил түрдө ооруп калгандыгын жана ушул себептен катышуусу пландалган программаларын токтотуп, турак жайында эс алып жатат.

Папа Франциска 26-февралда жалпы кабыл алууда да көп сандаган киши менен жакындан байланышта болгондугун айткан. Кабыл алууда Папанын тез-тез жөтөлгөндүгү байкалган.

Коңшу Италияда болсо вирустан улам каза болгондордун саны 17ге жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости