Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү

Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн “Бакалавриат” жана “Тил стажировкалары” программалары боюнча компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, абитуриенттерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн максаты – бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо процесин жакшыртуу жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу.

Кытай ЖОЖдоруна тапшыруучулар үчүн тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан иштелип чыккан стандартталган тесттин негизинде кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү.

Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости