Кытайда коронавирустун белгилери менен дарыгерге кайрылгандарга акча берилет

Кытайда коронавирустун белгилери менен дарыгерге кайрылгандарга акча берилет

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Цяньцзян шаарынын бийлиги өз каалоосу менен медициналык жайларга кайрылып, коронавирус аныкталган адамдарга 10 миң юандан (1 426 долларга жакын) төлөп берүүнү убадалады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Калаа бийлиги оорунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылып, бирок коронавирус аныкталбаган адамдар миң юандан алышарын билдирди.

Буга чейин Кытай бийлиги респиратордук оорунун белгилери менен кайрылган бейтаптар бекер текшерүүдөн өткөрүлөрүн билдирип, бул үчүн жергиликтүү бийликтерге кошумча каражат бөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости