Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 46 пайызы айыкты

Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 46 пайызы айыкты

Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 46 пайызы айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган өлкөнүн саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетине таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 824 адам болсо, тумоодон айыккандардын саны 36 117ни түзгөн. Бул жалпы сандын 45,8 пайызын түзөт. Мындан тышкары ушул тапта ооруканада дагы 39 919 бейтап дарыланып жатат. Оору тарагандан бери Кытайда каза болгондордун саны 2788 адамды түздү.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости