Кытайда акысыз билим алуу үчүн дагы гранттык орундар бөлүндү

Кытайда акысыз билим алуу үчүн дагы гранттык орундар бөлүндү

Кытай Эл Республикасынын чет өлкөдө билим алуу боюнча фонддун башкаруучу мамлекеттик комитети 2020-21-окуу жылына кара билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 6 орунга стипендия берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул — бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы программалары боюнча.

Документтер 2020-жылдын 10-февралы саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет. Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Талапкерлерди тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 14- февралында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 237.

Ар бир багыт боюнча кимдер катыша алат жана талаптар кандай экенине токтололу:

Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. Арыз;
2. Анкета (үлгүсүн министриликтин сайтынан көчүрүп алсаныз болот https://edu.gov.kg/kg/news/kitaj-vydelyaet-shest-stipendij-dlya-grazhdan-kyrgyzstana/);
3. Англис жана орус тилдеринде резюме;
4. Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү; (жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-мартынан кем эмес болушу керек);
5. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты, окуган жерден аныктама же окууда жетишкендиги тууралуу көчүрмөсү;
6. Кытай жа англис тилине которулган 200 сөздөн кем эмес окуу планы же изилдөө иши (study plan);
7. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө жана 3-баскычтан кем эмес билүүсү керек);
8. Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);

9. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
10. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (түп нускасы +1 көчүрмөсү);
11. Талапкердин сертификат, диплом, ардак грамота, илимий макалалары жана башка жетишкендиктеринин көчүрмөсү (сөзсүз түрдө эмес);
12. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. Арыз;
2. Анкета ( үлгүсүн министриликтин сайтынан көчүрүп алсаныз болот https://edu.gov.kg/kg/news/kitaj-vydelyaet-shest-stipendij-dlya-grazhdan-kyrgyzstana/);
3. Англис жана орус тилдеринде резюме;
4. Жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
5. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билим же бакалавр диплому тиркемеси менен же зачеттук китепчесинин көчүрмөсү;
6. Кытай жа англис тилине которулган магистранттар үчүн – 500 сөздөн кем
эмес, докторанттар үчүн – 800 сөздөн кем эмес окуу планы же изилдөө иши
(study plan);
7. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүк (сөзсүз түрдө жана
4-баскычтан кем эмес билүүсү керек);
8. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз
түрдө эмес);
9. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык
маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (түп нускасы +1
көчүрмөсү);
10. Талапкердин сертификат, диплом, ардак грамота, илимий макалалары жана
башка жетишкендиктеринин көчүрмөсү (сөзсүз түрдө эмес);
11. Окуу жайы же иштеген жеринен эки сунуш кат (англис тилинде);
12. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Эскертүү: жогоруда талап кылынган документтер белгиленген тартипте берилүүгө зарыл (портфолио түрүндө). Жогорудагы шарттарга жооп бербеген жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт.

Экономика жана башкаруу адистигине (бакалавр даражасы) тапшырууну каалаган талапкерлер математика боюнча; инженердик-илимий адистикке тапшыруучулар математика, физики жана химия боюнча; медицина адистигине окууну каалагандар математика, физики, химия жана биология боюнча базалык билимге ээ болушу керек. Ал эми магистратура жана докторантурага тапшырып жаткан талапкерлер тиешелүү академиялык даярдык жана тажрыйбага ээ болушу зарыл.

Кытай Эл Республикасынын чет өлкөдө билим алуу боюнча фонддун башкаруучу мамлекеттик комитети окутуу башталган кийин башка окуу жайына же башка адистикке которуу мүмкүн эместигин эскертет.

“Кытай тил такшалмасы жана бакалавр” программасы боюнча математика, Кыргызстандын тарыхы предметтеринен компьтерлик тестирлөө гана болот. “Магистратура” жана “докторантура” программалары боюнча – аңгемелешүү өтөт. Ал көз карандысыз комиссия тарабынан уюштурулат.

Конкурска катышуу боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

“Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу

Бакалавр; программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;
Магистратура; программасы боюнча — 35 жашка чейин;
Докторанттар; программасы боюнча — 40 жашка чейинкилер болушу керек.

Эске салсак, бул стипендиялар Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтери ортосунда кол коюлган (2015-жылы 16-декабрь) билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү келишимдин негизинде берилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости