Казакстанда бир жаран коронавируска шектелип карантинге алынды

Казакстанда бир жаран коронавируска шектелип карантинге алынды

Казахстандын Усть-Каменогорск шаарынын тургуну короновируска шектелип карантинге алынды. Көчөлөр курчоого алынды. Бул тууралуу Caravan.kz жазып чыкты

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-февралда эртең менен Усть-Каменогорск шаарынын врачтары шаар тургунун коронавируска шектеп амбулатордук борборго карантинге алды. Ошол эле учурда коркунучтун алдын алуу үчүн, териштирүү жүргүзүп, көчөлөрдү курчоого алды.

Белгилүү болгондой, шаар тургуну суук тийүү симптомдору менен дарыгерлерге кайрылган, дарыгерлерди тынчсыздандырганы бейтап жакында эле Таиланд шаарынан келген.

«Коронавирус белгилери тастыкталган эмес. Ал оору курч алган өлкөлөрдүн биринде болгондуктан, биз баардык зарыл болгон учурда кабар бердик”,-Усть-Каменогорск шаарынын амбулатордук борборунун орун басарынын аткаруучу директору Бибинур Сафиуллина билдирди.

ЧКОнун жугуштуу орууларынын башкы адиси Назигуль Сапаргалиева айткандай, бейтапка респиратордук жугуштуу оору диагнозу коюлган. Тургундарды ызы-чууга алдырбашын суранган.

Ошондой эле, расмий эмес маалыматтарда Усть-Каменогорск шаарында коронавируска шектелип дагы 8 киши карантинге алынган, алардын төртөөсү казак жараны, төртөөсү кытай жараны. Буга жакынкы күндөрдө Кытайдан келгендиги себеп болгон. Алардан коронавирус белгилери катталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости