Ирандын Ватикандагы элчиси коронавирустан көз жумду

Ирандын Ватикандагы элчиси коронавирустан көз жумду

Ирандын Ватикандагы мурдагы элчиси коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи, Кума шаарынан коронавирусту жуктуруп алган. Кийин ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жаткырылып, дарыланып жаткан. Бирок, ал кечээ, 27- февраль күнү оорудан каза болду.

Белгилей кетсек, буга чейин да аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында жайылган бул илдет, дүйнөнүн булуң бурчуна жайылып, жалпысынан 40 мамлекетке тарап кеткен. Учурда оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Вирусту 245 киши жугузуп, анын ичинен 26 киши каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости