Иран – АКШ тиреши кайда алпарат?

Иран – АКШ тиреши кайда алпарат?

Өткөн айдын соңунда, т. а. 27-январда Ооганстандын Газни аймагында АКШга тиешелүү учак кырсыкка учураган. Алгач ал жүргүнчү ташуучу учак экени, анда 83 адам болгону айтылып, кийин аскердик учак экендиги, бортунда 5 адам болгондугу маалымдалган. Ал эми Америка тарап так маалымат берген эмес. Учак “Талибан” кыймылы көзөмөлдөгөн аймакка кулаган. “Талибан” кыймылы учак алар тарабынан жок кылынгандыгы тууралуу айтып чыгышкан.

Ооганстанда кыйраган учакта АКШнын чалгын кызматынын жогорку даражалуу офицери, Жакынкы Чыгыштагы операцияларды, анын ичинде “Аль-Кудс” атайын отрядынын жетекчиси генерал Касем Сулейманини жок кылуу операциясын жетектеген Майкл Д’Андреа да каза болгондугун Орусиянын чалгын кызматынын булактарына таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Мындан мурун ЦРУнун жогорку кызматтагы кызматкерлери өлгөнүн “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү да айтып чыгышкан болчу. Бирок, талибдер алардын аты-жөндөрүн айтышкан эмес. Ал эми ЦРУнун жогорку кызматтагы кызматкерлери өлгөнү тууралуу маалыматка Америка тарап ак да, көк да деп жооп бере элек.

Эске салсак, быйыл 3-январда Багдаддагы АКШнын аба соккуларынын убагында Ирандын аскер стратеги, “Кудс” элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы өлтүрүлгөн. Пентагон Касем Сулеймани АКШнын президентинин буйругу менен жок кылынганын ырастаган.

“Президенттин көрсөтмөсү боюнча АКШнын куралдуу күчтөрү АКШнын чет өлкөдөгү кызмат адамдарын коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, «Кудс» күчтөрүнүн башчысы Касем Сулейманини өлтүрдү. Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунун башчысы АКШ тарабынан чет элдик террордук уюмдардын тизмесине киргизилген болчу. АКШ бүт дүйнөдө биздин адамдарды жана биздин кызыкчылыкты коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт» -деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.

АКШнын Сулейманиге карай жасалган аба соккусу Багдадда каршылык акциясына чыккандардын америкалык элчиликти басып алуу аракетинен кийин болуп жатат. Вашингтон дипмиссияга кол салуу генерал Сулейманинин буйругу боюнча болгон иш деп билдирди.

Америкалык аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, Касем Сулеймани жана анын «Кудс» күчтөрү курман болгон америкалык жүздөгөн аскерлер жана эл аралык коалициянын аскерлери үчүн жооптуу болгон.

Ошол эле учурда Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунан Сулеймани менен бирге Ирактын “Катаиб Хезболла” шиит тобунун башчысы Абу Махди Мухандиз да өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

Касем Сулеймани Иран бийлигиндеги экинчи адам катары эсептелген. Ал жетектеген «Кудс» аскер бөлүгү түздөн-түз Ирандын жогорку лидери, Аятолла Хаменеиге баш ийет.

Ирандын башкы лидери Али Хаменеи үч күндүк аза күтүүдөн кийин анын өлкөсү АКШга сокку урарын, Сулейманинин өлүмүнө тиешеси барлардын баарынан өч аларын жарыялаган эле…

Эки өлкөнүн “өч алуу” тиреши мындан ары кандай нукта уланат, азырынча белгисиз. Неси болсо да, океандар чайпалбай, тынч шарпылдап турса экен!..

Булак: “Жаңы Ордо”

Назар Новости