Индонезия мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт.
Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта.
Стипендиянттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат. Ошону менен бирге айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – Бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат.
Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:
- Окутуу акысын, класстардын сырткары иш-чаралар;
- Эки тарапка авибилет;
- Жатакана жана тамак-аш;
- Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
- Жергиликтүү транспорт;
- Ай сайын 2 000 000 рупий стипендия.
Талаптар:
- 21 жаштан 27 жашка чейин;
- Үй-бүлөлүү болбошу керек;
- Орто билим;
- Англис тилин билүү зарыл;
- Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө басып койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.
Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек:
- Мотивациялык кат;
- Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт:
- Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү
- Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү;
- Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
- Сунуштама каты;
- Программанын шарттарына макулдугун берген арыз:
Стипендиялык программа боюнча кенири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот:
https://edu.gov.kg/kg/news/otkryta-stipendialnaya-programma-dlya-obucheniya-v-indonezii/
Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылуусу зарыл. Документтердин көчүрмөсүн 2pd@mfa.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
Булак: NazarNews.kg