Греция дагы коронавирустун бутасына айланды

Греция дагы коронавирустун бутасына айланды

Грециянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө алгачкы жолу коронавирус илдети аныкталгандыгын маалымдады.

Илдет Салоники шаарынын 38 жаштагы жашоочусунан аныкталган. Белгилүү болгондой ал жакында эле Италияда эс алууда болгон. Акыркы күндөрү ал жаран менен мамиледе болгон адамдар ыктыярдуу түрдө медициналык мекемеден кароодон өткөн.

Ал учурда Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 11 адамга жетип, 325 адамдан оорунун белгилери аныкталган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости