Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада окуучуларыбыз утушка ээ болушту

Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада окуучуларыбыз утушка ээ болушту

2020-жылдын 8-14-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында математика,
информатика жана физика сабактары боюнча XVI Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 500 дөн ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 21 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй
жетишкендиктерди көрсөтүштү:

Математика — Ош “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Абдирасулов Амирбек, Ош “Сема” лицейинин 10 классынын окуучусу Апиев Эрдан жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу коло медалга ээ болушту.

Информатика — Эл аралык «Юнайтед Ворлд Интернешнл Скул» мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11- классынын окуучусу Батыркулов Шабдан жана М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 9- классынын окуучусу Бейшекеев Данияр коло медалга ээ болушту.

Физика – М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу
Султанидинов Султан коло медаль менен сыйланды.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп
келет.

Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле талантуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости