Дональд Трамп: "Коронавирус АКШга олуттуу коркунуч жаратпайт"

Дональд Трамп:

26-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска арналган атайын брифинг өткөрүп, учурда бул вирус Кошмо Штаттарга олуттуу коркунуч жаратпай турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Трамптын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык жана жергиликтүү бийликтин ишин вице-президент Майк Пенс көзөмөлдөйт.

«Биз бардыгына даярбыз. Абалга жараша чараларды көрүп, вирус жайылса бардык зарыл иштерди жасоого даярбыз», — деди Трамп.

Белиглей кетсек, АКШда коронавирус жуктурган 57 адам аныкталган. Алардын 42си карантинге алынган саякат кемесинен эвакуацияланган америкалык жарандар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости