Дагы бир мамлекетте коронавирус оорусу катталды

Дагы бир мамлекетте коронавирус оорусу катталды

Беларуссияда биринчи коронавирус менен ооруган адам катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, маалымат булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-февралда ирандык студенттердин биринен коронавирус оорусу аныкталган. Ал 22-февралда Минск рейси менен Бакудан учуп келген.

Учурда студент жана аны менен байланышка барган адамдар Минск шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасында карантинге алынды.

Беларуссия коронавирус оорусун жайылтпоо үчүн санитардык иш чараларды көрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости