ЧУКУЛ КАБАР! Президент 9-май — Улуу жеңиш майрамын белгилөөгө тыюу салды

ЧУКУЛ КАБАР! Президент 9-май - Улуу жеңиш майрамын белгилөөгө тыюу салды

Украина 9-май “Жеңиш күнүн” майрамдашпайт. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги Вадим Пристайко “Украина-24” телеканалына берген билдирүүсүндө айтты.

“Биздин абал бүгүнкү күндө ал кандай болсо ошол бойдон калат. Биз 9-май “Жеңиш күнүн” белгилөөгө ниетибиз жок. Бүтүндөй Европа 75 жылдан бери бул трагедия эмне үчүн башталганын түшүнүүгө жана бири-бирин кечирүүгө даяр” деген Вадим Пристайко.

Ал эми Украина мамлекеттик деңгээлде согуштун аякташынын негизги расмий иш-чаралары 8-майда “Эскерүү жана жарашуу” күнүндө белгилешет. Бул майрам 2015-жылдан бери белгиленип келет.

Украина 2015-жылдын тартып СССРди пропагандалоого тыюу салып, “коммунисттик жана улутчул режимдерди айыптоо» боюнча мыйзам кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости