ЧУКУЛ КАБАР! Касым-Жомарт Токаев активисттин моргдон алып чыккан видеосу тууралуу билдирүү жасады

ЧУКУЛ КАБАР! Касым-Жомарт Токаев активисттин моргдон алып чыккан видеосу тууралуу билдирүү жасады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев активист Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Казакстандын президентти Informburo.kz маалымат агенттигиндеги маегинде активист Дулат Агадилдин өлүмү боюнча алгачкы версияны бышыктады.

«Коомдогу резонансты эске алып мен бул иш менен дыкат таанышып чыктым. Активист Агадил жүрөк оорусунан каза болгонун ишенимдүү айта алам», — деди Токаев.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда каза болуп калган. Буга чейин полиция активисттин жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

Казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигинен бул видеого түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

43 жаштагы Дулат Агадил адам укуктарынын корголушун жана социалдык адилеттиктин камсыздалышын ачык талап кылып келген активист болчу.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости