Билим берүү министрлиги кайрадан жемеге калды

Билим берүү министрлиги кайрадан жемеге калды

Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТда “кыргыз тили жана адабияты” предметинен тапшыруу бардык бүтүрүүчүлөр үчүн милдеттүү эмес экендигин билдирди. Аны 2020-жылдын негизги тестине киргизүү керек. “Негизги тесттин түзүлүшүнө жакынкы үч жылдын аралыгында өзгөртүү киргизилбейт. Бирок 2020-жылдан филологиялык адистикке жана журналисттик бөлүмдөгү тестке эки кошумча предмет киргизилет: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты”,-деп министрликтен маалымдашты. Негизги тест ЖРТ катышуучуларынын баарына милдеттүү.

Эскере кетсек ЖОЖдогу тандаган адистигине жараша окууга өтүү үчүн гранттык окууга талапкерлер, мектеп бүтүрүүчүлөрү бирден кем эмес предметти тандашы зарыл. Предметтик тесттер англис тили, тарых, химия, биология, математика жана физика боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле университеттеги контракттык негизде окууга талапкерлер үчүн предметтик тесттер артыкчылык берет. Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз тили жана адабияты” предметин ЖРТнын негизги бөлүгүнө айлантуу маселесин 1-жолу көтөрүп жаткан жок. Буга чейин кыргыз тилин ЖРТга киргизүү мамлеккеттик тилди өнүктүрүү программасына кирген. Кыргызстанда 2012-жылдан баштап ЖОЖго окууга тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүү милдеттендирилген. Тестирлөөнүн жыйынтыгында чыккан баллдардын негизинде абитуриент кайсы ЖОЖдо билим алуусун уланта алаары билинет. Жыл сайын мамлекет эң жогорку балл алган 5 миң 705 студентке бюджеттик орун бөлөт. Конкурстан сырткары эң жакшы көрсөткүчкө жетишкен 50 студентке гранттык негиздеги орун берилет.

Тилекке каршы министрдин бул кадамы социалдык тармакта талкууга алынып, ар кандай сын-пикир жазылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости