Билим берүү: "Лицей жана колледждердеги айрым адистиктерге жаңы стандарттар киргизилет"

Билим берүү:

Бишкекте Кыргызстандын колледж жана лицейлериндеги айрым адистиктер үчүн киргизилип жаткан жаңы кесиптик стандарттар талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Колледждердеги 15 жана лицейлердеги 10 адистикке киргизилип жаткан стандарттарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүнү, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти өзүнө алууну билиши керек.

Белгилей кетсек, кесиптик стандарттарда жумуш берүүчүлөрдүн адистиктерге болгон талаптары камтылган. Ал эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өлкөнүн экономикасы үчүн приоритеттүү болгон адистиктерге анализ жүргүзүү аркылуу иштелди.

Жаңы стандарттар менен окутуу республиканын ар бир аймагындагы жайгашкан алдыңкы тажрыйба борборлорунда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости