Бермет тоюнда аялы күйөөсүн өлтүрүү максатында парашют белек кылганбы?

Бермет тоюнда аялы күйөөсүн өлтүрүү максатында парашют белек кылганбы?

Улуу Британияда аялы күйөөсүнө 30 жыл бирге жашаганы үчүн парашют белекке берип, жолдошу аны менен секирем деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя, Америкада болгон. Анда Улуу Британиянын жарандары 55 жаштагы Кристофер Суэйлс 53 жаштагы аялы менен үйлөнгөндүгүнө 30 жыл болгондугун белгилөө максатында Америкага эс алганы барышат.

Аялы жолдошуна 30 жыл чогуу жашагандыгы үчүн парашют белекке берет. Ага сүйүнгөн жолдошу инструктор менен биргеликте парашюттан секирген.Тилекке каршы алар кулап түшүп, Кристофер ошол жерден каза болсо, инструктордун буту сынат.

Американын полиция кызматы каза болгон жаранга аялы жыртылып калган парашют берилиши мүмкүн деп билдирген. Ошондой эле анын өлүмүн кокустук деп баалашкан.

Ал эми парашют саткан компания ал эч кандай жыртык болбогонун айтып, сатып жатканда бир канча жолу текшерилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg

Назар Новости