Белоруссия университеттеринде акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялайт

Белоруссия университеттеринде акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялайт

Билим берүү жана илим министрлиги Белоруссия университеттеринде акысыз билим алуу программасына катышуучулар үчүн сынак шарттарын маалымдайт.

Белгилей кетсек, Белоруссия өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга сегиз гранттык орун бөлгөн.

Бакалавриат программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:

  • Финансы жана кредит – 1 орун;
  • Биотехнология – 1 орун;
  • Маалымат технологиялары – 3 орун.

Магистратура программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:

  • Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
  • Эл аралык укук – 1 орун;
  • Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.

Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:

Биринчисинде катышуучулар Белоруссия элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

  • элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз.;
  • чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
  • билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
  • орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  • тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
  • окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
  • белоруссиялык тегин аныктоочу документ (эгер болсо).

Документтер орус же белорус тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.

Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Белоруссия элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.

Грант окууга кеткен чыгымдарды камтыйт, стипендия берет.

Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.

Документтер 2020-жылдын 25-февралына чейин тапшырылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости