Белгилүү футболчу коронавирус жуктуруп каза болду

Белгилүү футболчу коронавирус жуктуруп каза болду

Ирандык футбол боюнча улуттук командасынын алгачкы оюнчусу Ильхам Шейхи коронавирустан каза болду.

Белгилей кетсек, 23 жаштагы футболчу коронавирус жуктуруп алгандан кийин 10 күн ооруканага жатып көз жумган.

Учурда Иранда парламенттин төрт депутаты өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алды.

Межлистеги 30 депутаттын төртөө илдетке кабылганын парламенттик президиумдун мүчөсү Мохаммад Али Вакили 28-февралда “Твиттер” аркылуу кабарлаган.

Бул өлкөдө вирус тездик менен жайылып, соңку бир суткада эле сегиз киши илдеттен каза тапты. Иранда вирустан көз жумгандардын саны 34 кишиге жетип, инфекцияны баш-аягы 388 адам жугузуп алды.

Кытайдын өзүндө вирусту жугузуп алгандар 78 824 адамга жетип, 2788 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости