Башталды. Индияда мусулмандарга каршы “согуш” жарыяланды. 30га жакын адам өлдү

Башталды. Индияда мусулмандарга каршы “согуш” жарыяланды. 30га жакын адам өлдү

Индиянын борбору Нью-Дели шаарында үч күндөн бери мусулмандар жашаган аймактарда кагылышуулар болуп, анын кесепетинен 30га жакын адам каза болду. Бийлик кагылышуу орун алган райондорго аскерлерди жөнөтүүдө.

Маалым болгондой, индуист менен мусулмандардын тиреши жекшемби күнү башталган. Анын бирден-бир себеби, Индияда жашаган Ислам дининдеги адамдардын укугунун бузулушу болууда дешет мусулмандар. Айтсак, Индия бийлиги Пакистан жана Бангладештен келген качкындарга ыкчамдуу түрдө жарандык берүү тартибин сунуштап жатат. Бирок, ошол эле маалда качкындар Ислам динин тутунган болсо ал тартип жүзөгө ашпайт. Дал ушул нерсе мусулмандардын нааразычылыгын жаратып, элдер митингге чогула баштаган.

Бирок, жекшемби күнү Делидеги жыйындардын биринде «Бхаратия Джаната Парти» индуисттик улутчул партиясынын лидерлеринин бири Капила Мишра мусулмандардын нааразычылыгына каршы жортул жасоону сунуш кылганда жүздөгөн жергиликтүү индуист тургундар мусулмандар жашаган аймактарга бет алып, башаламандык башталган. Анын кесепетинен 27 адам каза болуп, жүздөгөн мусулмандар өздөрү жашаган аймактан качууга аргасыз болгон.

Акыркы жолу Делиде мусулмандар менен индуисттердин кагылышы 1984-жылы орун алган. Анда жалпысынан 3 миң адам мерт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости