«Азия Ньюс» гезити Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

«Азия Ньюс» гезити Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-фералда чыккан. Бул тууралуу гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

«Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз», — деди Турдукулов.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Министр «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости