Активист Агадилдин денесиндеги "жараат" тууралуу видео тарады

Активист Агадилдин денесиндеги

Казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигинен тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадилдин денесиндеги кыйноонун белгилери боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Ар.Рух.Хак» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бахытжан Торегожина интернетте пайда болгон видео Агадилдин өлтүрүлгөнүн далилдей турганын жазды.

Норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дейл да маркум активист Нур-Султандагы тергөө абагында сабалган болушу мүмкүн деп шек саноодо. Укук коргоочу «Твиттердеги» баракчасына казак президенти Касым-Жомарт Токаевден бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады.

Президент Токаев 25-февралда тергөө абагында мерт болгон активисттин өлүмү боюнча үн ката элек.

Соттук медициналык экспертизага катышкан жана Агадилдин сөөгүн көргөн адис Руслан Сатывалдев «иштин купуялуулугу» жөнүндө документке кол койгону үчүн пикир айтуудан баш тартты.

Буга чейин полиция активисттин жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактардын изи байкалган.

Агадил өлгөндөн кийин Казакстандын ар кыл шаарларында жарандар акцияга чыгышып, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Активисттин өлүмүнө байланыштуу нааразылыгын билдирген ондогон жаран кармалган.

Агадил «уруксатсыз митинг өткөрдү», «полицияга баш ийбей койду» деген негиздер менен буга чейин бир канча ирет кармалып, былтыр эле жалпысынан 60 күнгө камалган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости