Аба соккудан улам 30га жакын аскер каза болуп, 35и жаракат алды

Аба соккудан улам 30га жакын аскер каза болуп, 35и жаракат алды

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк аскери каза болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Буга байланыштуу түрк президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

2017-жылы Астанада башталган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын арасында Орусия да бар. Бул өлкө Асаддын режимине аскердик жардам көрсөтүп жатса, Түркия оппозицияны колдоп келет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости