9- февралда Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында робототехника боюнча олимпиада өтөт

9- февралда Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында робототехника боюнча олимпиада өтөт

2020- жылдын 9- февралында Дордой Плаза соодо борборунда Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында «ROBOSKY TECH FEST- BISHKEK»- 2020 аталышындагы робототехника боюнча олимпиада өтөт. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигинин өздүк кабарчысы билдирди.

Долбоор аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата иштелип чыккан жана мектеп окуучуларынын ойлоп табуучулукка болгон кызыгуусун арттыруу, инновациялык ой- жүгүртүүсүн жакшыртуу, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Бир ай убакыт ичинде окуучулар робототехника боюнча атайын аларга арналган курстардан өтүү менен бирге «робототехника», «робот», «коопсуздук» түшүнүктөрүнө ээ болушту. Демилге жаштарга роботторду жашоонун ар түрдүү багыттарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, маанилүүлүгү, робототехниканын өнүгүү тарыхы тууралуу маалымат берет.

Бул иш чаранын уюштуруучулары Кыргызстандагы эң алгачкы адам сымал роботту түзүп чыккан, «Робоскай» мектебинин негиздөөчүсү Санжар Жумабеков жана Alif books китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү Айгерим Алимбекова.

Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча тандалып алынат, эң негизгиси алар 2020- жылда Россияда жана Кзакстанда өтө турчу эл аралык роботехника боюнча мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости