Өлүмүңдүн жакын экендигин кантип билсе болот?

Өлүмүңдүн жакын экендигин кантип билсе болот?

Америкалык окумуштуулар тынчсыз буттар синдрому аялдардын жүрөк-кан тамыр оорулары менен байланыштуу экендигин аныкташты. Мындай абалда өлүм коркунучу да жогору болоору тастыкталды.

Тынчсыз буттар синдрому-буттардын учтарында жагымсыз сезимдерди пайда кылуучу оору болуп саналат.

Адистердин макаласы Neurology журналына жарыяланган. Бул тууралуу MedicalXpress сайтында кабарланды.

Nurses Health Study изилдөөсүндө узак убакыт бою орто жашы 67 жаш болгон 57 417 аялдын катышуусунда анализ жүргүзүлгөн.

2002-жылдан тарта катышуучу аялдар ар эки жылда өз ыктыярлары менен ден соолугу жөнүндө, анын ичинде аларда тынчсыз буттар синдрому болгондугун же болбогондугун, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары катталгандыгы же катталбагандыгы боюнча маалымат жиберип турушкан. 10 жылдын ичинде 6 448 өлүм катталган.

Көрсө, тынчсыз буттар синдрому менен жабыркаган аялдарда өлүм коркунучу бул дарт менен оорубагандарга салыштырмалуу 43 пайызга көп болгон. Аталган синдромдун рак же башка оорулар менен байланышы аныкталган жок.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости