ВИДЕО- Кытайда коронавирус менен жабыркагандарды дарылашабы же өлтүрүшөбү?

ВИДЕО- Кытайда коронавирус менен жабыркагандарды дарылашабы же өлтүрүшөбү?

Буга чейин интернет айдыңында коронавирус менен жабыркаган кишилерди өлтүрүшүүдө деген маалымат тарап келген. Мындай видеолордун дагы бири жарыяланды. Ал видео “Кытайда коронавирус менен жабыркагандарды дарылашабы же өлтүрүп жатышабы? Эмне үчүн каршылык көрсөтүшүүдө?” деген аталыш менен жайылды. Бул видеону байкап көрсөк анда кишилерди атайын формадагы кызматкерлер күч колдонуп, кылмышкерлерди кармагандай имараттын ичине алып кирип жаткандыгын көрүүгө болот. Ал тургай видеодогу акыркы киши катуу каршылык көрсөтүп жаткандыгы байкалып турат.

Дагы бир таң калганыбыз буга чейин кытай бийлиги Хубэй провинциясындагы Цяньцзян шаарынын бийлиги өз каалоосу менен медициналык жайларга кайрылып, коронавирус илдети аныкталган адамдарга 10 миң юандан (1 426 долларга жакын) төлөп берүүнү убадалаган эле.

Кытай бийлиги да респиратордук оорунун белгилери менен кайрылган бейтаптар бекер текшерүүдөн өткөрүлөрүн билдирип, бул үчүн жергиликтүү бийликтерге кошумча каражат бөлгөнү белгилүү.

Биз оорусак докторго өзүбүз эле барабыз, ал эми кытайлардын дарылануудан качып жаткандыгы бул жерде бир мандем бар экендигин далилдеген сыяктуу.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости