ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

Кээ бир саясатчылар белгилегендей ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун чүкөсү айкүр конуп турган убагы. Ошондуктан, парламенттик шайлоону азыр өткөрсө, аны колдогондор көп болуп, коалициялык көпчүлүктү бир-эки партия менен эле 90 пайыз алып коймок деген кептер бар. Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – айрым кишилердин тилеги. Арийне, бир жыл тагдырды чечпейт, көз ачып жумгуча өтүп кетет. Бул шайлоонун башка шайлоолорго салыштырмалуу абдан кымбат баалана тургандыгы эмитен айтыла баштады. Ошондуктан капчыктары жукалар эмитен “шүк” отурбаса миллиондорду төлөп, парламенттик шайлоодогу 9 пайыз баскычтан өтпөй калса, акчасын БШК бүт шыпырып алат. Кезексиз шайлоолор болбойт, буга эмне себеп:

  1. Мыйзам боюнча президенттин Жарлыгы менен кезексиз шайлоолор өтпөйт. Кезексиз шайлоолор өтүү үчүн себептер керек. Парламент өкмөттү шайлай албай калса гана парламент таратылып кезексиз шайлоолор өтүш керек. Азыр мындай кырдаалдар түзүлгөн жок.
  2. Мыйзам боюнча президент партияда жок болуш керек. Бирок президенттин саясатын колдогон жана каршы чыккан партиялар болушу күтүлөт. Азыр президентти Курултайынын чечими президентке көрсөткөн СДПК партиясынын тамтыракайы чыкты. Президент да кайсы бир партияга таянышы керек. Азырынча андай партия барбы?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аягына чыгат. 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди.

Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди:

  1. 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык),
  2. 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо,
  3. 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык),
  4. 2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости