Кыргызстанда билим берүү акысызбы же.

Кыргызстанда билим берүү акысызбы же...

Социалисттик идеологиянын башкы принциптеринин бири мамлекетти жалпы тоталдык сабаттуулукка жетелеп, билим берүүнү акысыз кылган. Орусиянын курамындагы кыргыздарда 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин сабаттуу адамдар аз болгон. Башка республикадагылардай эле Кыргызстан да сабатсыздыкты жоюп, 1928-жылдары буга чейин колдонуп келаткан араб алфавитинен ошол мезгилде популярдуу болуп турган латын алфавитине өтүү башталат. Буга чейин араб алфавитин пайдаланып келген кыргыздар эми жаңы латын алфавитине өтүп кайрадан сабаттуулукка, латын алфавитин үйрөнүүгө тийиш эле. Бул процесс токтогон жок, арабдан оруска секиртпей, ортого латынды кыпчып 1941-жылы согуш башталаар алдында кыргыздар кириллицага өтөт. Учурда Өзбекстан кайра латын алфавитине өттү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатат.

Кыргызстанда болсо латын алфавитине өтүү учурдун маселеси эмес, биз Баш мыйзамыбызда акысыз билим берүүгө басым жасап келатабыз. Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүмүнүн 9-пунктунда “мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу” белгиленген. Ушул эле Конституциябыздын 45-беренесинин 2-бөлүмүндө билим берүү акысыз экени таасын белгиленип кеткен. Мыйзамда жазылганын окуп, социалисттик идеологиянын күчтүү экенине моюн сунабыз. Бирок чындыгында эле билим берүү акысызбы?

Кээ бир мамлекеттерге салыштырмалуу билим берүү акысыз, бекер экенин танууга болбойт. Көп мамлекеттерде билим берүүгө акы төлөп окутушат. Социализмдин “каймагын” жеп калган бизде билим берүү акысыз. Бирок, ошол эле социализм 90-жылдарга чейин көк тиреп турганына салыштырмалуу ата-энелердин капчыгы да иштеп жатат:

  1. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен соң, президент Аскар Акаевдин убагында “Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамы” кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ата-энелер өз ыктыярлары менен мектептин фондуна акча төлөп туруу каралган. Ким өз баласынан акча аясын, мектептин бул фонду адатка айланып кеткен.
  2. Совет заманында жүрүп отуруп, акыры ар бир окуучуга окуу китептерин акысыз берүү маселеси чечилген. Бүгүнкү күнү көпчүлүк окуу китептери ижара менен акысыз берилет. Сатып алына турган китептер да бар. Мурунку Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага ата -энелер тарабынан коюлган негизги “ярлыктар” ушул окуу китептериндеги каталар боюнча коюлган. Биринчиден, каталарга жол коюлса, экинчиден, Кыргызстанда басмаканалар жок калгансып, окуу китептерин чет мамлекетте бастырып келген.
  3. Педагогикада ар кандай багыттар бар. Социалисттик идеология колдонгон билим берүү тармагы бардык жагынан элге үлгү көрсөтө тургандай алдыда болчу. Бүгүн билим берүү системасын санариптештирүү күч алды. Эгер биз өз багыттарыбыздын уңгусун калтырып, санариптештирүүгө өтсөк, дале эч кимди алдыга салбайбыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости