Кош, Казакстан, темир жол кетет Кытайга

Кош, Казакстан, темир жол кетет Кытайга

Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияда лидерликти көксөө тилеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга себеп болууда. Бүгүнкү күнү бир гана альтернативасы жок Казакстандын аймагы ушул чөлкөмдө темир жолду көзөмөлдөп турушу Ташкендин ичин өрттөп, Борбор Азияда лидер болуу демин суутуп жаткандай. Учурда бул оюнга согушуп жатса да, апийим өндүрүп миллиарддаган доллар таап жаткан Ооганстан да кошулуп жаткандай. Ооганстан Өзбекстан аркылуу Казакстанды аралап Кытайга жол ачты. Эгер ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса:

  1. Казакстанды аралап жүрбөй жол кыскарып, Ооганстан да ушул кыска жол менен Кытай менен байланышып калмак.
  2. Ооганстанда темир жол куруу иштери өркүндөп баратат. Өзбекстан Мазари-Шариф –Кабул- Пешаварга чейин 573 чакырым жолду 5 млрд долларга баалап Бүткүл дүйнөлүк банкты пайдаланып кура баштады. Бул темир жолу Өзбекстанды Пакистан менен байланыштырат.
  3. Тажикстан Мазари-Шариф – Герат сыяктуу Ооганстандын аймагы боюнча Ирандын Мешхедине чыкканы турат. Демек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса Ооганстандан тышкары Пакистан, Иран, Тажикстан кошулат.
  4. 2017-жылдын августунда Иран Ооганстанды көздөй кеткен темир жолдун 184 чакырымын бүткөн. Ооганстандык Гераттан Ирандын Хафа шаарына кете турган темир жол менен Европага көздөй 11 эл аралык коридорго жол ачылган, андан тышкары деңизге чыкса болот.
  5. Транспорттук коридор боюнча ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери көптөн бери жанданбай келатат.
  6. Геосаясий абалы боюнча өз аймагынан өтө турган темир жол курула турган болсо Суэц каналы менен катташып жаткан Күн Чыгыш менен Күн Батыштын ортосу8 миң километрге кыскарса, Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң километрге кыскарат. Бишкектен Москвага чейин 3818 километр экенин эсептесек, Москвага төрт жолу барган жол кыскарат.
  7. Европа тарапка Кытайдын тышкы соода айлануусу эки жүз млрд. долларга чукул десек, тең жарымы биз аркылуу өтсө, болжолдуу Кыргызстанга жылына 1 пайызы тийсе, трансазиаттык магистралдын эсебинен Кыргызстандын экономикасын инвестициялоо үчүн миллиондогон доллар түшүп калышы мүмкүн. Бул трансконтиненталдуу темир жолдун келиши менен анын айлана-чөйрөсүндөгү кен байлыктарды акырындык менен иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  8. Азыркы учурда интеграцияга бара жаткан Азия менен Европаны бириктире турган эң кыска жол биздин аймак болуп эсептелет. Бирок, Кыргызстанда транзиттүү жүк өткөрө турган заманбап темир жол жок болгондуктан жаңы Жибек жолунун ролун аткара албай жатат. Байыркы заманда Батыш менен Чыгышты бириктирип турган чыйыр Жибек жолу Кыргызстандын аймагы боюнча өтө турган. Деңиз жолдорунун ачылышы менен Жибек жолу тарыхта гана калды, бирок Кыргызстандын эң зор Батыш-Чыгышка азыркы учурда эң пайда бере турган мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат.

Темир жолдун рельстер ортосунда аралык

Темир жолдун рельстер ортосунда аралык ар түрдүү болот, стандартуу деп европалык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы кирет, бул 1435 миллиметр. Бул жерге Ирандын темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы да кирет. Ал эми азиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы 1676 миллиметр буга кошуналардан Кытай, Пакистан киришет. Ал эми биз эски советтик же азыркы орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгына киребиз же 1520 миллиметр. Эгер Кытайдан темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы азыраак экени белгилүү болсо ал ошол менен жүк алып келип орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы көбүрөөк рельстер менен келген поездге жүктөрүн жүктөйт, бул жүк жүктөөчү станциялар Кыргызстанга курулса канча пайда алып келет:

  1. Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолу экономиканын өнүгүшүнө чоң таасир берери анык. Кыргызстанга темир жолдон алына турган салыктан тышкары темир жолдордун түзүлүшү Европада жана Кытайда эки башка стандартта. Ошондуктан, Кытайдан келаткан жүк кайсы бир жерде түшүрүлүп, кайра Европалык вагондорго жүктөлүшү керек. Кыргызстандын аймагында бул жүктөр түшүрүлүп, кайра жүктөлө турган болсо миңдеген жумушчу орундары түзүлмөк.
  2. Кыргызстан ушул темир жолу аркылуу деңиз портуна чыкмак, интеграцияланып жаткан Европа-Азия зуулдап биздин аймак аркылуу өтүп жатмак. Жаратылыш шарты боюнча континенттин ортосунда орун алган Кыргызстанга башка дүйнө менен тез арада сиңишип кете турган интеграциялык процесстер оңой менен жылбай, оор түйшүк алып келип жатат. Мындай акыбалдан чыгуу үчүн бул долбоор деңиз портуна чыгууну камсыздайт.
  3. Шавкат Мирзиёевдин келиши менен «ичиркенип» келген «муз эрип» Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилип жатканы элди кубандырып турат. Суу ресурсуна бай Кыргызстан газ алып турганы да, Өзбекстанды суу менен камсыз кылып турганы да талашсыз. Анткени, чейрек кылым Өзбекстанды жетектеп келген Ислам Каримовдун «муздак» саясаты бир гана Кыргызстанды эмес, көпчүлүк КМШ мамлекеттерин «ичиркентип» келген. «Лед тронулся» -деп коёт орус калкында.
  4. Эгер Кытайдан өтө турган темир жол Өзбекстан аркылуу өтө турган болсо «Батыш-Чыгыш» жана «Чыгыш-Батыш» жүктөрү Фергана өрөөнүн өрдөп өтүп калмак. Бул деген Өзбекстандын тез арада өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк коомчулукка тезинен аралашышына алып келет. Ошону менен бирге Өзбекстан аймагы Чыгыш менен Батыштын кызыгуусун ого бетер арттырып, өзүнүн ички саясий стабилдүүлүгүн катуу тартипке келтирип, өлкөнүн казынасын көздөй экономикалык дивиденддер менен инвестициялар агылып, жыйынтыгында Өзбекстандын башка мамлекеттерге көз карандылыгы жоголуп, ого бетер бекемделмек.
  5. Чынында ушул темир жолдун таасири менен Өзбекстан аймактын лидерине айланмак. Муну терең түшүнгөн Өзбекстан кээ бир маселелер боюнча Кыргызстан менен кайым айтышууга барбай турат. Президент Шавкат Мирзиёев чек ара боюнча чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө аракет кылууда.

Кытай кайсы темир жолдор менен байланышат?

Кытай Орусия, Казакстан, Монголия, Вьетнам, Түндүк Корея менен темир жолу аркылуу байланышат. Казакстанга Ланчьчжоу – Синьцзян темир жолу менен байланышат. Бул аркылуу Ооганстан кошулганын айттык.

Орусияга Манчжур — Байкал алдындагы темир жолу, Суйфэньхэ – Ыраакы Чыгыш темир жолу, Хуньчун – Камышовка (Приморск крайы) темир жолу бар. Курулуп жаткан темир жолдору Мишандан Хабаровскиге, Тунцзяндан Амурга түйүнү бар.

Кытай Кашкар аркылуу Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолунун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт. Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүс кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости