Кыргызды титиреткен Саймаитинин даңазасы КНРди түзгүсү келген Атамбаевдикинен ашып баратат

Кыргызды титиреткен Саймаитинин даңазасы КНРди түзгүсү келген Атамбаевдикинен ашып баратат

Кой-Таш Элдик Республикасын (КНР) түзгүсү келген Атамбаевдин окуясы быйылкы жылдын көрүнүктүү окуялары болуп калды деп жүрсөк, Саймаитинин даңазалуу окуялары аны басып баратат. Эки окуяны бириктирген окшоштугу — Атамбаевди экс-президенттик макамынан айруу үчүн Жогорку Кеңеш атайын комиссия, 28-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Жаран Айеркен Саймаити айткан жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилди. Анын курамынан чыгып кеткен КСДП фракциясынын өкүлү Искендер Матраимовдун ордуна Абтандил Кулбараков, «Бир Бол» фракциясынын өкүлү Алтынбек Сулаймановдун ордуна Жаныбек Бакчиев кошулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Ошентип, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкүдөй болуп калды: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, "Республика — Ата Журт" фракциясынан – Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, "Кыргызстан" фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости