Карызга акча алып той бергендер бар

Карызга акча алып той бергендер бар

Кээ бир насыя алуучулар түшүнбөстүктөн той-топурга жумшоо үчүн насыя алуу боюнча банктарга жана микрокаржылоочу уюмдарга кайрылып жатат. Бирок андай адамдардын саны аз. Тойго акча керек деп кайрылган күндө да, азыркы мезгилдеги банктардагы абалды эске алуу менен алардын насыяны иштетүү үчүн көрсөтүлгөн максаты колдоого алынбастыгы белгилүү. Бирок насыя алуучулар банктарга туура эмес маалымат берип, алынган сумманы тойлорго колдонушу мүмкүн.

Мындай насыя алуучулар менен албетте, биринчи кезекте насыяны максаттуу иштетүүнүн зарылдыгы тууралуу банктар тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүшү абзел. Ошондой эле насыяны максаттуу иштетүү жана насыялардын бизнеске гана иштетүү талабынын себептерин, насыя алуучуларга банктар тарабынан жеткирилиши керектиги талашсыз. Бирок айтып кетүүчү нерсе, мындай алынган насыяны туура эмес пайдаланып, кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдардын саны өтө деле көп эмес. Андай адамдардын "окуяларын" таратып өзүнө пайда көргөндөр булар — биздин "саясатычылар" жана кээ бир "укук коргоочулар". Ошондой эле мындай саналуу насыя алуучулардын шартын түшүнүп маселени туура чече албаган банк кызматкерлери да көп учурда абалды курчутууда.

Азыркы учурда насыя алуучулардын көбөйүүсүнүн бир гана себеби болушу мүмкүн — бул экономикадагы каржы ресурстарына болгон муктаждыктын табигый өсүшү. Башкача айтканда, азыркы мезгилде экономикага кошумча каражаттардын, же жаңы ири оюнчулардын келиши байкалбай эле турат. Андан сырткары Орусиядагы каржы каатчылыктын азабы бизге да терс таасирин тийгизип, экономикадан финансы каражаттар чыгарылып кырдаалды курчутууда. Бирок ошого карабастан экономикадагы каржылоонун көбөйүшү үмүттөндүрбөй койбойт жана анын себеби табигый муктаждыктын өсүшү менен гана түшүндүрүлөт. Каражаттардын дээрлик 60-70 пайызы соода-сатык багытына пайдаланылат. 20 пайызга жакыны айыл-чарбасына жумшалат. Калгандары ар-кайсы багыттарга иштетилет, анын ичинде насыя алуучулардын өздүк сарптоо багыты. Бул бүгүнкү күндөгү биздин мамлекеттеги экономиканын структурасын чагылдырган негизги көрсөткүчтөрдүн бири.

Насыялар ар бир кардар акчаны иштеткен учурунда гана ал ишкерге өз пайдасын алып келет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен алынган каражат ишкердин өзүнө же ишине терс таасирин тийгизе турган болсо, банк кызматкери насыя берүүдөн баш тартышы керек. Андан сырткары, ар бир банктын жана микрокредиттик уюмдун ички процедуралык иш кагаздарында да мындай шарт көргөзүлүшү абзел.

Экономиканын өнүгүшүнүн ар кайсы абалдарында насыялардын кайтарымдуулук деңгээли да өзгөрүп турат. Бул табигый көрүнүш. Банк кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгүнүн деңгээли насыяларды берүү менен гана чектелбестен, түзүлгөн кырдаалга жараша, ар бир кардардын шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен маселелерди чече алышы менен да баалынышы керек. Аягында айтылган иш-чаралар, ар бир банктын өз кардарларына жасаган камкордуулугу иш аракеттеринин жылдык натыйжасына таасир тийгизбей койбойт.

Насыяны баардык учурда максаттуу гана иштетүү керек. Ар бир орчундуумаселебир караганда кичинекей, көзгө илинбеген нерседен башталат. Ошондуктан кандай гана ишмердүүлүктүн түрү болбосун, келечектеги маселелерди алдын алуу ыкмасынын эң натыйжалуусу – ишкананы эффективдүү көзөмөлдөө жана эсеп — бул ийгиликтин башаты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости