Жеңиш Разаков жеңилбейт, Разаков Жеңиш жеңиштин үстүндө болот

Жеңиш Разаков жеңилбейт, Разаков Жеңиш жеңиштин үстүндө болот

Баткенден өсүп чоңойгон Жеңиш Разаков, өз жумушун кылдаат билгени менен, дайыма “кара пиардын” аркасы менен жаман көрүнүп алат да, жөн жерден ушак-айыңга кабылып, кызматынан четтеп калат. Ал эптеп талбаган эмгеги менен Атамбаевдин заманында вице-премьердик кызматка жетти эле, ал жерден “кара пиарды” жакшы көргөн Атамбаев 2017-жылы көтөрүп чапкан. 2018-жылы анын чек арада болгон эмгегин баалаган жаңы бийлик кайрадан вице-премьерлик кызматка алып келген. Жазында “атамбаевчил” Мадеминов баштаган “кара пиар” Момбеков тараптан күчтөлүп, акыры Жеңиш Разаков вице-премьерден кетүүгө өз арызын жазып берди:

  1. Абылгазиев жетектеген азыркы өкмөт дараметсиз, өзүнүн мыкты иштеп жаткан уулдарын коргоп кала алышпай, капсалаң учурунда “кара пиарга” салып беришет. Ошондуктан, бул өкмөттөн кете баштагандардын саны арбый баштайт.
  2. Күзүндө буюрса, ийгилик менен жаңы парламент келсе, жаңы өкмөттүн курамын кайрадан шайлайт. Азыркы Абылгазиевдин өкмөтүн “критке” чаап жаңы өкмөт түзүлөт. Ошол өкмөткө Разаков сыяктуу иштеген адамдар кайрадан келиши ыктымал.

Жеңиш Разаков вице-премьер болуп турганда эң ачуу сындарды айтып турдук. Анткени менен Разаков ошол сындарды унутта калтырбай жыйынтык чыгарып турду. Азыр Разаковду кызматында турганда көкөлөтүп мактагандар, жамандай баштайт, эми кыргыз жеринде “чөөлөр” көп эмеспи.

Жеңиш Разаковдун ордуна октябрь айына чейин утурумдуу ким келиши мүмкүн? Күч түзүмдөрү тамаша эмес, бул жакты президент көзөмөлдөгөн соң кимди алып келер экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости