Шайлоо алдында көпөлөккө айланган депутаттар, шайланар менен мите-куртка айланышат

Шайлоо алдында көпөлөккө айланган депутаттар, шайланар менен мите-куртка айланышат

23

Митебек деген депутат,

Мите-курт сымал жеп келген.

Миллиметр алкымдан

Миллиондор батат кепкенен.

Бир эле ашап сугунат

Бриллиантты деле бет келген.

Бешене оозго айланып

Бет калбай калды беттерден.

24

Жалкообек деген депутат

Жамбаштап жатып ашаган.

Жатып ичип ЖКда

Жанын багып жашаган.

Күлдүрөт мыйзам эмне деп

Күтүп жатса канча адам.

Биле албай калды эч неме

Билимди терең казбаган.

Бир топтон бери депутат,

Бирок бир дагы мыйзам жазбаган.

25

Баканооз деген депутат,

Батырбайт сөздү ичине.

Гезитке берип таратат

Кемчилик кетсе кичине.

Кесиптеш ишин бурмалап,

Коштуруп далай кур наалат.

Жамандатып гезиттен

Жакшы иштен кур калат.

26

Арзымат деген депутат

Төш белги алат тагынып.

Мансаптуу адам көрсө эле

Мактоолор ооздон агылып.

Бүгүлүп келет алдына

Бут сүрткүч болуп салынып.

Ылайыгы келсе эгер

Ыйлап ийет жалынып.

Кой союп кирет өзүнчө

Кошоматка малынып.

Шыпылдап барып жанына

Шыйрагын өзүм тартам дейт.

Тоок соём десе мансаптуу

Ичегисин артам дейт.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости