СДПК, “Республика –Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Кыргызстандын” электораты Текебаев үчүн добуш береби?

СДПК, “Республика –Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Кыргызстандын” электораты Текебаев үчүн добуш береби?

-Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы кылган иштери боюнча сот жообуна тартылып, көп жылга кесилгени жатат. –десе, Өмүрбек Текебаев ураалап тура калып:

-СДПКнын электораты, эми мени колдойт!-деп сүйүнөт.

-Өмүрбек Бабановдун кылган иштери сот аркылуу тастыкталып, кылмыш ишине тартылганы жатат. -десе Өмүрбек Текебаев ураалап тура калып:

-“Республика –Ата-Журттун” электораты, эми мени колдойт! — деп сүйүнөт.

-Канат Исаевдин иши кайра каралып, кылмыштуулугу мойнуна коюлат экен. –десе Өмүрбек Текебаев ураалап тура калып:

— “Кыргызстандын” электораты, эми мени колдойт! — деп сүйүнөт.

— Бакыт Төрөбаевдин 2017-жылы бийликке каршы жасаган кылмыштуу иштери ачыкка чыгып, кылмыш иши козголот экен.- десе Өмүрбек Текебаев ураалап тура калып:

— “Өнүгүү-Кыргызстандын” электораты, эми мени колдойт!-деп сүйүнөт.

СДПК, “Республика –Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Кыргызстандын” терисин тескери жамынып алышкан, хамалеон электораты Текебаев үчүн добуш береби же башкагабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости