Парламенттик шайлоого Абылгазиев баш болуп аттанышканы турат

Парламенттик шайлоого Абылгазиев баш болуп аттанышканы турат

Абылгазиев өкмөт башчылыгын тапшырып коюп парламенттик шайлоого аттанат. Бирок качан премьерлигин тапшырары тизгин чоюп тургандардын колунда. Себеби, азыркы депутат премьерден, министрден түшүп калса да жаңы мыйзам боюнча кайра депутаттык ордуна кайтып келет. Ошондуктан, азыркы чоң мансапта тургандардын көпчүлүгү, Абылгазиев баштап парламенттик шайлоого барууга камданып жатышат. Абылгазиевден башка жаңы парламентке кимдер талапкер болушу мүмкүн? Саясий терминология жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болуп баратат. Ак үй «зооүйгө» айланып: кашкулак, хамалеон, арстан, жарганат деген зоотерминдер «бытовой» сөздөргө айланып баратканда, зоопарламентке аңчылык кылып, аныктама жасап көрдүк.

Балык

Оозуна талкан сугунуп алгансып, бийликтин оозун тиктеп, үн чыгарбай кезегин күтүп отурган. Анткени,чоң мансапта жүргөндүктөн чоң мансапты көздөп, өзү да жетпей, өзгөгө да жол бербей тырмышып турат. Өкмөттө мышык-чычкан ойноп, электорат тарабынан «шыбоо жыттанган байпактай» ыргытылган, элге жек көрүү сезимине арзыган, интриганын инженери катары премьер-министр даражасына чейин көтөрүлгөн, түбөлүк жалгыз өкүл: Мухаммедкалый Абылгазиев, “Кыргызстан”.

Азуулуулар

Сөздөрү лып “Ляппай” деп аткарылып, азууларын көргөндө анча-мынча адамдардын жүрөгү жарылып, мүрт кеткендер мүрт кетип, “дүрт” эткендер жалындай өөрчүп, жашабай жатып бийликти томуруп кетишет. Айткан сөздөрү аймактарды аралап, илебинен кан таамп, аптаптуу ысыкты борошологон каардуу суукка айланткандар:

Азуулуулардын көч башында “Акчаң барда танкасың, акча жокто маңкасың” деген принципти бекем тутканы менен, бюджеттен элге акча берип, өзүнүн чөнтөгү бош калган, акча комитеттинин жетекчиси Эмил Токтошев, бир көзү Далласта, бир көзү Таласта, кайниси Бабановдун валютасы менен, Абжалиевдин “каютасы” менен “серый кардиналга” айланган жезде-депутат Калдарбек Баймуратов, РАЖ, Бабановдун атын укканда ташка жашынган, бийликтин атын укканда ашка жашынган, каратэден “кара поясы” бар спикер Дастанбек Жумабеков, “эстеликтей катып турушса да”, “эси жоктор” эсебинде эсепсиз бийликти мыкчыгандар.

Сүт эмүүчүлөр

Кайсы доор болсо дагы бийликти катыра министрлик даражага чейин сүтүн эмип, сүтүн эмес бүтүн эмип, эмген жагынан музоодон өтүп, торпок болуп калышса да, торполоңдоп, колтолоңдоп сүт эмгенден тажабаган депутаттар.

Сүт эмүүчүлөргө бир оозу тамакта, бир оозу камакта Акылбек Жапаров, “Бир бол”, өгүз болгуча өкүрөңдөп сүт эмгенден кол үзбөгөн, «саан уйдун» аркасынан түшпөгөн, кээде басаңдап эмип, кээде күчөгөн Канат Исаев, ”Кыргызстан”, Айдар заманынын мыктысы, Максим заманынын ыктуусу, азыркы замандын сыкчуусу Мыктыбек Абдылдаев, “Бир бол”, оң бетин өпсө, сол бети калган, бир бети вице-премьер-министр, бир бети депутат, АКШда качып жүргөн Аскарбек Шадиев, “Бир бол” сыяктууларды кошсок болот.

Канаттуулар

Бизнестен канат күтүп, байлыктарын жыйып, канаты менен калкалаш үчүн парламентке келишкендер. Канаттарын каккылап бизнес бийиктигинде учуп жүргөндөр: Депутаттар эл менен автобуска түшсө ыйлаган, Салымбековду дайыма күрөшкө түш деп кыйнаган, парламентте көп отурса курсагы ачкан Камчыбек Жолдошбаев “ӨП”, Курулуштун алаасына жашынып алып Токтогулду бүт соргон Тынчтык Конушбаев, “Кыргызстан”, Баямандын байлыгын, Чотоновдун “счетун” депутат болууга жумшаган Чолпон Султанбекова, ”Кыргызстан”, Ак ун, кара уну менен караламан калкты багып, Атамбаевдик бийликке жагып келген Чыныбай Турсунбеков, СДПК.

Хамалеон

Ким бийликке келсе да терисин тескерисинен оодарып минип, бийлик көчүн уланта бергендер: Алтынды жеке билип Атамбаевдин колтугуна култуңдап кирип, бултуңдап таарынган, эми каякка барарды билбей кайсалактап жүргөн Кожобек Рыспаев, СДПК, байлыгын сактайм деп мэрге минип, мэрден кубаланып, депутаттык ээрге минген Иса Өмүркулов, СДПК, оозуна алы жетпей бейчеки сүйлөп, Бээжинди алган Манасты желдетке теңеген Азамат Арапбаев, СДПК кирет.

Сойлоп жүрүүчүлөр

Атамбаевдин бийлиги учурунда Ак үйгө сойлоп кирип, тойлоп чыккандар. Сойлоп жүрүү адат болуп калган сойлоп жүрүүчүлөр сойлоп жүрүшүп парламентке келишкен, эми да сойлоп жүрүшүп ойдо жок иштерди жасап коюшат. Ак үйгө барса сойлоп кирип, ишине барса жол деп жүргөн, даңгыр жол салыш үчүн Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун атын Атамбаевге ыйгаргысы келген Кубанычбек Жумалиев, “Бир бол”, атасынын аркасы менен сойлоп жүргөндү үйрөнгөн, Атамбаевдик бийлик менен да бир аз сүйрөлгөн Бакыт Төрөбаев, Токтогулдук томаяктан, Атамбаев учурунда токтогулдук олигархка айланган Нурбек Тотонов, РАЖ, Кара-Балта ардактаган, аны көргөндө калдактаган, айтылуу Жайыл баатырга эстелик орнотуп кайра тирилткен, кир «Ата-Журтту» киринткен Динара Исаева, РАЖ.

Матодор букалар

Матодор букалардай көзүнүн төбөсү менен акырая карап, моменти келсе маалкатпай муштумун тумшукка кадаганга маш айбаттуу, салмактуу атаман, матодорлор. Бири-биринен тайм-аут алышып атамандыкты матадорлор такташа элек. Алдыңкы орундарда: муштумдарын сойлоткон, парламентти ойноткон, былдырап сүйлөп, кылдырап сыйлык алган, наам алуу жагынан “таптаза” Тазабек Икрамов, Канат Исаевдин тумшугун талкалаган, казиного каршы күрөш ачкан Бакытбек Жетигенов, СДПК, Камчы Ташиев менен Садыр Жапаровду какаткан Алтынбек Сулайманов, “Бир бол”, Бабановду каката турган Жыргалбек Турускулов, РАЖ, Текебаевдин тумшугун талкалагысы келген Мурадил Мадеминов, СДПК, Мамытов Талант, РАЖ (Камакта жатып ашыналарынан үйрөнгөн).

Жерде-сууда жашоочулар

Оппозицияда жүрсө бийлик дегенде ак эткенден, так этип, бийликке келсе оппозициянын сөзүн сүйлөп жер тандабай, суу тандабай жерде да, сууда да жашай берүүчүлөр. СДПКчылар арасында аларга жыты сиңишип, Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда “Эл баатырын” беребиз деп демиткен, өз фракциясын сатып, оппозиция, эл-журтка убагында тескери иш кылган, БНКлар ээси Сайдулло Нышанов, жердеги алтын менен суудагы берметти ылгабай терген, шураби Кенжебек Бокоев, РАЖ, бир колу жазуучу, бир колу кесиптештерин казуучу Рыскелди Момбеков, СДПК.

Осминогдор

Сыртынан караса жумшак денелүү, жумшак денесинин ичинде ок өтпөс раковина капталган, анын ичинде сөз өтпөс «бронежилет» менен бекемдеген, «билегин батырып, чыпалагын жалабай», бир буту менен таканчыктап бүт денесин матырып, көрүнүп көрүнбөгөн жети-сегиз колу менен, санаксыз оозуна тыгып ашаган, эли ачка өзү ток жашаган панцирлүү жандыктар. Бул жандыктарга мунайзат десе муңайган «мунайзат королу», «милициядан ары болоюн, больницадан бери болоюн» — деп күнү-түнү пир өткөргөн «пирматтардын королу» Пирматов Исхак, “Бир бол”, өмүрдөн көмүрдү жогору баалаган Улан Примов, СДПК, өзбек электораты менен Атамбаевге жамынып, өзгөлөргө ыдык көрсөткөн Анвар Артыков, СДПК, Атамбаевдин атын токуп жүрүп, эми кимдин атын токуй турганын билбей алдастап жүргөн Аттокуров Данияр, СДПК.

Көпөлөктөр

Көпөлөктөр кайсы партия бийликте болсо, ошол партиянын даамын татыш үчүн гүл тандаган көпөлөктөй учуп конуп жүрө беришет. Аларга «Алга, Кыргызстан», «Ак Жол», СДПК, “Биримдик”, «Республика», «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» экендиги бары бир, эптеп партия бийликте болсо болду. Мындайлар депутат арасында көп. Калдыркан көпөлөктөр: Асел Кодуранова, СДПК, Аида Касымалиева, СДПК, ж.б.

Күкүк

Бир килтейген зоопарламентте бир-эки күкүк сайрап турбаса болбойт го. «Күн тийген жердин күкүгү» эмес, жөн эле акын-күкүк, кыргыз журналисттерине кыжыры келип турган, кыргыз журналисти, жеңесинин колдоосу менен бутунан туруп, «Турандын» аркасы менен бутун сунуп, Куловдун аркасы менен тизмеге илинип, анын аркасына суу куйганы билинип, «саясат саткынына» айланган, “Кыргызстанга” барып кырылышып, “Ата-Мекенге” барып иритип келген Каныбек Иманалиев, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы ким бийликке келсе, күкүккө айланат, бирок Төрөбаевдин да эч кимге алмашкыс күкүктөрү бар: Мирлан Бакиров, Тынчтык Шайназаров,

Мите- курттар

Мите-курттай элди каптап, муунтуп келаткан кыргызга каршы оюндарын уюштуруучулар жана жактагандар. Кумарды мойнуна тумар кылып тагып жүргөн, кыргызга бышкырып койбогон, калпакты мазактап, “кара мышыкка” айланган Ирина Карамушкина, СДПК, кыйналып кыргызча гимнди бир түндө үйрөнгөн Пархат Тулендыбаев, Кытайга виза бергиси келип, кыргызды жарга түрткөн Махабат Мавлянова, РАЖ, калптын алпы Дастан Бекешов, СДПК.

Санитарлар

Бийликти кокуйлатып бетке айткан, далайын сөз менен койдой мууздап, ичеги-кардын чубап жеген, мыйзамдын тазалыгы үчүн эпидемиянын алдын алган санитарлардай кызмат кылышкандар. Булардын катарына четке айтпай, бетке айткан, уктатып койсо да “Улуттар Биримдигин сатпаган Искендер Гайпкулов, “Ата-Мекен”, кайсы бийлик болсо да көтөрүлүп, чындыкты айткан мүнөзүнөн көңтөрүлүп келаткан Төрөбай Зулпукаров, СДПК, Жумгалдын сасыгын жыттууга айланткан, саяктарды Арабдарга каптаткан Кулбараков Абтандил, СДПК, бетке айтмайын тура албаган, быкшыгандардын барын кубалаган Алмамбет Шыкмаматов, “Ата-Мекен”, саясатка аралашпай, улуттук оюндарга басым жасаган Улукбек Ормонов, “Бир бол”, маданиятка ичи ооруган Садык Шер-Нияз, “Ата-Мекен”, булчуңу жаш, бирок адилетсиздикке кас, келечектен көптү үмүттөндүргөн Жанар Акаев, СДПК кирет.

Кенгуру

Кенгурулар балдарын дайыма баштыгына салып жүрүшөт. Парламентте ата-теги, туугандары күйөөсү аркалуу келгендер да бар: Замминистрге үкасын ал көтөрдүбү, же замминистр үкасы аны көтөрдүбү, ким билет, алы бек Алимбеков Нурбек, “Кыргызстан“, Республикага” ышкырып, бийликке бышкырып жүргөн курсагы ток жигит жээн депутат Жээнчороев Мирлан, РАЖ, “Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт” дегендей, ата даңкы менен парламентке келгендер: Айсулуу Мамашева, “Ата-Мекен”, Марлен Маматалиев, РАЖ, Акчасын батыра албай жатса да, АКШтан акча үмтөтүп жалдырап отурган Элмира Сурабалдиева, атасынын аркасы менен күкүктөй сайрап калган Бактыбек Сыдыков, РАЖ, Бекмамат Осмонов арты менен ЖКга өтүп келген, Аксы окуясы учурунда аким Шермаматтын кызы Айнура Осмонова, СДПК, күйөөсүнүн акчасы менен ЖКга өтүп келип, момунга айланган Гүлкан Молдобекова, СДПК.

Моллюскалар

Моллюскалар момпосуйдай момурайышып, өз учурун күтүп отура беришет. Алар аркы жээктеби, берки жээктеби эч кимге белгисиз. Бир күнү аркы жээктин, бир күнү берки жээктин сөзүн сүйлөп, сымаптай куюлуп колго карматпайт. Учурунда СДПК фракциясында жүрүп “Биримдиктин” сөзүн сүйлөгөн Айнуру Алтыбаева, СДПК жана СДПК фракциясында жүрүп “Биримдикти” жетектегиси келген Марат Аманкулов, СДПК. СДПКдан кайда жыларын билбей башы катып жүргөн Абдывахап Нурбаев, СДПК

Динозаврлар

Өз доорунда мансабынан пайдаланып «жара тартчууларды» жара тартып, бүкүлү сугугандарды бүкүлү сугунуп, элдин ишеничинен чыгышып саясий аренадан сүрүлүп калгандар. Учурунда укук коргоо, аскердик кызматтарда тишин бүлөшкөн, ошол жактан алган «ментовский» опуттары менен опурулушуп, аптыракаттары парламентке батпай, колдору комитетке батпай түйүлүп, түйүндүү маселелерге түйшөлбөй, алкымдуу маселелерге азууларын көрсөтүшүп алкынышкан экстер, чекисттер, соттор, токтор:

Исхак Масалиевди динозавр деп айтууга болбойт, бирок анын эл сүйгөн атасынын, күйөө баласы Эркинбек Матыевдин гана эмес, азыркы ченем боюнча, анын чоң кызматта иштеп турган убагы эски доорго айланды. Эски заманда Башкы прокуратураны бийлеп, бийликке каршы чыккандарды «жетимсиретпей» далысынан сылап, бекер тамак, бекер аштуу жайга «путевка» берген Аида Салянова, «ичкен булагы» ИИМге тишин кайраган, тили сайраган Бакирдин Субанбеков, мародерлорду көргөндө мантаңдаган Зарылбек Рысь турат десек жаңылышпайбыз. Андан тышкары: Аалы Карашев, СДПК, Казакбаев Руслан, РАЖ, Зулушев Курманкул, РАЖ. Жамалдинов Зиядин, “ӨП”.

Курт-кумурскалар

Калган аты-жөнү жок, майда-чүйдө зоопарламенттин мүчөлөрү курт-кумурскалар тобуна кирет. Курт-кумурскалар классы өз ара бөлүккө бөлүнөт. Парламент тарарда баатырларга айланышкан: Бекмат Байпакбаев, РАЖ, Бактыбек Турусбеков, Масабиров Талайбек, “Кыргызстан”, Жунус уулу Алтынбек, “ӨП”, чеченден дудукка айланган Максат Сабиров, РАЖ, эт менен челдин ортосундагы Сагындык Келдибаев, РАЖ, Канат Керезбеков, СДПК, Карамат Орозова, СДПК.

Арстан

Бир прайдда бир гана арстан болот. Депутаттар «прайддында» кимдер гана бул орунду көздөбөйт. Азыркы мезгилде парламент мамлекеттеги башкы сахна. Мамлекеттин тагдыры парламентте чечилет. Ошондуктан мындай жооптуу орунду эми ар ким эле аркалай бербейт. Эми жоопкерчиликтүү, калыс, сабырдуу, адилет, кең пейил, эл менен тил табыша билген адам гана парламенттин арстанына айлана алмак. Андай партияны көпчүлүк шайлоого катышып жаткан партиялардан издесек, парламенттин гана эмес кыргыздын рухун көтөргөн партия бар. Албетте, ал “Мекеним Кыргызстан”.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости