Пара менен дуба бийликти колдоп жатабы?

Пара менен дуба бийликти колдоп жатабы?

Өкмөт башчынын кол-буттары каякка чейин соймолоп кеткени белгилүү. Эми Абылгазиев каякта булганыч иш жасаса да эң биринчи дуба окуп бата кылып анан баштай турган болуптур.

Абылгазиевдин көлөкөлөрү:

1) Иманкадыр Рысалиев бажасы, «Ачык өкмөт» долбоорунун жетекчиси, 5 000 евро айлыкты эмчү эле.

2) Эрназар Иманкадыр уулу «КТ мобайл» уюмунда жетекчинин орун базары болуп 5000 доллар айлык алып иштей баштаган, учурда кызматынан кетти.

3) Азиз Абылгазиев иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштейт.

4) Таалайгул Сабырбекова өкмөт башчынын бажасынын аялы, «Эргэнэ» коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турат.

5) Өкүл баласы финполдо иштейт. Алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салат.

6) «Кыргызпочтасынын» биринчи орун басары, Урматбек Жакыпбеков, өкмөт башчынын инисинин, күйөө баласы экени да айтылууда. «КТ Мобайлды» түптөгөнгө чоң салым кошкон.

7) Жол, транспорт министрлигинде тайкелери иштесе

8) Башка бажалары, достору өкмөттүн аппаратында иштейт.

9) Ал эми кызы Америкада окуйт, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарпташат. Айткандай кызы бойдок, чаап алсаңар бат эле депутат же министр болосуңар.

Тууган-тушкан, жердештери каякта иштейт экенин айтып отурсак, тизме эки метр болуп кете тургандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости