ВИДЕО: Ырчы Асель Кадырбекова казактардын ырын уурдап, кызуу сындалды

ВИДЕО: Ырчы Асель Кадырбекова казактардын ырын уурдап, кызуу сындалды

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар: Ырчы Асель Кадырбекова казактардын ырын уурдап, кызуу сындалды

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Кезектеги биз кеп кыла турган каарманыбыз ырчы Асель Кадырбекова жана анын аткаруусундагы “Телефон” аттуу ыр болмокчу.

Асель айым бул чыгарманы жарыкка чыгарган соң, интернет колдонуучулар “Индира Елеместин ыры го…”- деп жаза башташкандан бул ыр плагиат экенин дароо билдик да, изилдөөгө алдык.

Ырдын түпкү нускасы казак элине таандык экен. Сөзүн жана обонун жараткан Багжан Тасов буйрутма менен казак эстрадасынын ырчы айымы Индира Елемеске жазып бергенин билдирди. Былтыркы жылы казак элинде бул ырды жарыкка чыгарган Индира айым жакында гана ырдын клибин жарыкка чыгарып, бул плагиат ыр боюнча өз оюн билдирди.

“Ушул жылдын башында кыргыз элинин Асель Кадырбекова деген ырчы кыз мага кабарлашкан. Бул ырымды бир жолу уккан соң жактырып калганын айтып, өз элинде ырдап чыгууга уруксаат сураган. Андан соң өз командам менен кеңешип, “Телефон” аттуу ырымды Асель ырдап чыгуусуна уруксаатыбызды бердик. Бирок, бул ыр казак элинде алгачкы жолу орундалып, өз угармандарын тапкан. Бул ырдын тарыхы казак элинде орун алган” деп сөзүн жыйынтыктады.

Ал эми Асель айымдын казак элинин ырын ырдашы боюнча интернет колдонуучулар төмөндөгүдөй комментарийлердин бир нечесин жазып кызуу сындап чыгышты.

chbar123 Үн жок эч качан болбойт. Асел таарынба алтындай убактыңды башка нерсеге колдон күйөөгө тий.

argenadelya Казактардын ырын котормой кайра мода болуп баштадыбы?

nu_kyrgyzbaev956 Нурландын званогун жаман күттүң го сен

ckubanychbekova Тобоо кичине уга турган кылып ыр чыгаргылачы.

aselya_usa Мне стыдно за неё, шыбырап кыйналып ырдаптыр, нет профессионализма к сожалению. Актриса же модель эле болуп кетсе болмок. Уят го муну ырчы десең.

km_aa_kg_ Кыйналып ырдаптыр го аябай.

samara.ular Ушу да ырбы ыр деп эле ырдай берет.

kadyrbekova3789 Уккулуктуу кылып ырдабайбы, ырчы экенине жараша, какап-чакап бечара ырдай албаптыр.

aizhan2748 Классно спета и супер песня.

Чындыгын алып караганда, эки ырчынын тең ырынын музыкасы дагы, өзбекстандык ырчы Дастан Убайдыллаевдин музыкасынан уурдалганы көрүнүп турат. Төмөндө эки ырчы айымдын тең аткаруусундагы жана 2013-жылы ютуб каналына жүктөлгөн Дастан Убайдыллаевдин жаш кезиндеги ыры бар.

Кызыгы, Дастан Убайдыллаевдин, "Юрагим, юрагим" деген жерин, "телефон, телефон" деп өзгөртүп алганына аргасыз жылмаясың. Ыр уурдагандар уялбайт экен да, сөз жок. Тыңдап, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости