ВИДЕО — “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар…” Каныкей япониялык ырчынын ырын уурдаганбы, же япониялык белгилүү ырчы Каныкейдикинби?

ВИДЕО - “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” Каныкей япониялык ырчынын ырын уурдаганбы, же япониялык белгилүү ырчы Каныкейдикинби?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар…” аттуу рубрикабызды кайрадан окурмандарга тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин изилдөө кылтагыбызга өзгөчө үнү менен таанылган Каныкей Алымбеков түштү. Ушул кадимки эле ырчыбыз Каныкей Алымбекованын “Сен экөөбүз” деген ыры, япониялык поп ырчы Аюми Хамасакинин “Heaven” деген ырына куюп койгондой окшош.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер, ошондо кайсы ырчы кыйратты, Японияда белгилүү ырчы Аюмиби же Каныкейби?

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости