ВИДЕО — Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар? Ырчы Асель Кадырбекованын уурдалган ыры.

ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар? Ырчы Асель Кадырбекованын уурдалган ыры...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес…

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы жаш ырчы Асель Кадырбекова. Ырчы кыздын аткаруусундагы “Башканы жаным дебе” аттуу ыры өзбек элиники экенин билээр белеңиз… Асель ырдын автору Эдил Маматов дегени, өзү уурдаганын ачыкка чыгаргысы келбегенинен кабар берет. Бул ырды 2014-жылдан бери Өзбекстанда атактуу ырчылар Шохруххон менен Муниса Ризаева “Sen meni keragim деп аткарышып, хитке айлантып келишүүдө.Ырды алса алсын, бирок авторун көрсөтүү мыйзамда бар экенин билүү кажет эмеспи… Эмнеси болсо да эки тилдеги ырды тыңдап, бир чечимди сиздер чыгарыңыздар окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости