ВИДЕО — Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Түрктөрдүн талашка түшкөн ретро ырын Бурул Арунова уурдап ырдап.

ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Түрктөрдүн талашка түшкөн ретро ырын Бурул Арунова уурдап ырдап...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы каарманыбыз Бурул Арунова жана анын аткаруусундагы “Сенден башка” аттуу ыр болмокчу. Бул ырды ырчы айымдын аткаруусунда уккан соң, дароо түрк сериалы эске түшөт. Себеби, былтыркы жылы жаш-кары дебей көргөн “Кулпунайдын жыты” аттуу кино тасмада бул ыр саундтрек катары жаңырган. Мындан улам коомчулуктун баардыгы Бурул айымды плагиат ыр аткарып чыкканын билишкен. Анан да ага келиштире клип тартып алганычы?

Кыскасы, Бурул айым бул ырдын обонун түрк элинен уурдаса, сөзүн казак элинен уурдаптыр. Буга чейин бул чыгарманы казак элинде Жанболат жана Жазира аттуу таттуу түгөйлөр 2016-жылы “Сенен баска” деп аткарып чыгышкан эле. Андан соң казак элинде түгөйлөр кызуу талкууга түшүп, бул ыр хитке айланган. Бул түгөйлөр обонун түрк элинен алса, сөзүн буйрутма менен Есен Бекарысулы атуу акынга жаздырышкан. Ал эми биздин ырчы айым даяр оокатка башын малып, ырдап чыкканы бизге белгилүү болду.

Ал эми бул ырдын түпкү тарыхы өйдөдө биз кеп кылгандай түрк элине таандык. Тактап айтканда, обонун Оздемир Атил жаратса, сөзүн Ниль Дикмен жазган. Ал эми ырды түрк ырчы айымы Füsun Önal (Фюсун Онал) “Senden Başka” деп 1975-жылы аткарып чыккан. Учурда бул ырчы айым 80 жашка чыгып, ардактуу эс алууда.

Төмөндө ырдын үч варианты тең бар. Үч ырды угуп, салыштырып, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости