ВИДЕО- Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Бактыгүл Бадыева “Жүрөк тагы” аттуу ырын кимден уурдап алган?

ВИДЕО- Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Бактыгүл Бадыева “Жүрөк тагы” аттуу ырын кимден уурдап алган?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар…” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканынэрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы каарманыбыз кыргыз шоу-бизнесинин ажарлуу, сексуалдуу ырчы айымы Бактыгүл Бадыева жана анын аткаруусундагы “Жүрөк тагы” аттуу ыр тууралуу кеп козгомокчубуз. Бул чыгарманы ырчы айым 2008-жылы аткарып чыгып, ырдын авторлору катары “Сөзү- Урмат Усенов, обону- Ильяз Абдыразаков” деп баса белгилеп көрсөткөн. Андан чоң чет элге чыгып бул ырга керемет клип тартып келип, ырдын популярдуулугун эл арасында арттырган эле. Бирок, бул ырдын плагиат экенин эч ким билбегендей түр көрсөткөн Бактыгүлгө Ильяз ыр жазып берип жатканда уурдаганын айтпаганбы же бул ырчы айымдын өзүнүн идеясы менен суранычы болгонбу айтор белгисиз… Бактыгүл айымдын аткаруусундагы бул ыр “Youtube” желесинде жетиштүү көрүүчүнү топтой алган эмес. Ал эми ырдын түпкү нускасын “Youtube” желеде 8 274 777 ашык көрүүчү тыңдаган. Ал эми ырга автор жана аткаруучу ливандык ырчы айым Элисса "Fatet Sineen" аталышында бул ырды эң алгачкылардан болуп аткарып чыккан.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Эки ырды угуп, салыштырып, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости