ВИДЕО — Уурдалган ырлар: Уурдап алып уялбай ырдап жүргөндөр..

ВИДЕО - Уурдалган ырлар: Уурдап алып уялбай ырдап жүргөндөр....

Өзбекстандын атактуу ырчысы Улугбек Рахматуллаевдин учурда жылдызы жанып турган мезгили. Жакын арада аталган ырчы АКШда чоң сахнада концерт берет. Так ушул ырчынын “Кырмызы алма” деген аталыштагы ыры бар. Бул ыры кошуна өлкөлөргө чейин хит болуп азыркыга чейин өзүнүн ордун музыка чөйрөсүндө жоготпой келе жатат.

Баса, атактуу ырчы Улугбек мырзанын “Кырмызы алма” деген ырын өткөн жылы, Иран ырчысы Ареф "Ki Behtar Az To" – деп которуп ырдап youtube каналына жүктөп, 3 078 766 көрүүчүнү топтогон.

Ареф мырзанын мындай кадамына ырчы, Улугбек Рахматуллаев: Ирандын ырчысы менин ырымды уруксааты жок которуп ырдап алыптыр. Мен ага капа эмесмин. Анткени буга чейин канча ырларыбызды ырдап жүрөт. Чыны менен абдан кубанычтамын. Жаратканга шүгүр. Ниетиң түз болсо, жакшылыктар боло берет. Балки Ареф менен дует кылып калаарбыз”,- деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

Өзбекстандын атактуу ырчысынын ырларын буга чейин деле ырчылар уруксаты жок ырдап чыккан. Ырчы ага бир жолу дагы теригип нараазылыгын билдире элек. Төмөндө эки ырчынын ырларын окурмандар угуп көрүңүздөр “уурдалганбы же уурдалбаганбы” чечим сиздерде. Тыңдап көрүңүздөр.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости