ВИДЕО-Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы активдүү мүчөсү "Чач" кармалды

ВИДЕО-Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы активдүү мүчөсү

Бишкекте кримтөбөл Качы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун “Чач” каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы 26-февралда 32 жаштагы М.Э. аттуу жаранды колго түшүргөн.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы, буга чейин бир нече ирет соттолгону айтылат.

Бул жолу «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

«Текшерүү учурунда «Чачтын» чет мамлекеттик номер тагылган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасынан үлгүсү так көрсөтүлбөгөн револьверге окшош тапанча табылды. Ал кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, жада калса күч колдоноорун айтып коркутууга аракет кылган. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек милициясы калаанын аймагында кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн шектүүлөрдү кармоо иштери улана турганын билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости