“Жаңылыштык”. ИИМдин генерал-майорунун энесин доктурлар өлтүрүп алды

“Жаңылыштык”. ИИМдин генерал-майорунун энесин доктурлар өлтүрүп алды

Москвада Ярослав облусунун ИИМинин жетекчиси, генерал-майордун 78 жаштагы энесинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бир жыл мурун генерал-майордун апасына борбордук ооруканалардын бири кан куйушкан. Ошондон кийин аялдын бөйрөгү иштебей калган. Ал комага түшүп, ошол жерден көз жумган.

Россиянын медициналык ассоциясынын вице-президенти Юрий Комаровдун айтымында, 78 жаштагы Галина Липилинанын өлүмү кан туура эмес куюлганынан келип чыккан.

Медик Комаров окуянын негизги себеби, Лилипинанын кан группасын туура эмес таап, дал келбеген кан куюлгандыктан болду деп түшүндүрдү.

“Бул чын эле дарыгерлердин шалаакылыгы. Бир да соо дарыгер мындай катачылыкка барбайт”,-дейт Комаров.

Лилипинанын өлүмүнөн кийин укук коргоочулар медициналык мекемени текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда доктурладын катачылыгы аялдын өлүмүнө алып келгени маалым болду.

Натыйжада 27-февралда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости