Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби

Айыпталуучуларга, соттолуучуларга жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 2-октябрындагы №696 Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылат. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган Тартиптин 2-3-пунттарына ылайык айыпталуучуларга, соттолуучуларга жана соттолгондорго тийиштүү медициналык жардам жазык-аткаруу тутумунун медициналык бөлүктөрү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Дарт аныктоодо кыйынчылыктар келип чыккан учурларда, дарылоонун туура жолун тандап алуу үчүн бейтаптар атайын адистиктеги дарыгерлерди тартуу менен түзүлгөн комиссиянын кароосунан өтөт, зарыл болгон учурда жазык-аткаруу тутумунун дарылоо мекемесине же Саламаттык сактоо министрлигинин башка дарылоо мекемесине жөнөтүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемесине жөнөтүлгөн учурда соттолгон-бейтап адамдарга карата белгиленген обочолоо, кайтаруу жана көзөмөл талаптары сакталышы керек.

Жогоруда аталган токтомдун талаптарын талаптарын аткаруу максатында жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлери тарабынан ЖАМКнын мекемелеринде кармалган адамдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча туруктуу негизде тийиштүү иш- чаралар жүргүзүлүп келет.

Бул багытта алганда, 2019-жылы 435 адамга Кыргыз Республикасынын Салматтык сактоо министрлигинин адистери тарабынан кеңеш берилди жана Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине дарыгердик кеңеш алуу үчүн алынып барылды, анын ичинен стацинардык дарыланууга жаткырылгандар — 61 адам, анын ичинде Улуттук кардиология жана терапия борборуна (мыдан ары — УКжТБ) — 19 адам.

Айыпталуучу Ажимудинов Кубан Токонович 2019-жылдын 01- июнунан бери ЖАМКнын № 21 мекемесинде кармалат. Мекемеге түшкөн учурда Ажимудинов К. жүрөк тушунда ооруксунган белгилердин болгондугун, башы ооругандыгын, буттарында сезгичтиктин жоголгон абалга келген учурлары тууралуу билдирген, ушуга байланыштуу тийиштүү медициналык изилдөөлөр жүргүзүлүп, ЖАМКнын медициналык кызматынын кызматкерлери тарабынан комиссиялык кароо жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыктары боюнча төмөнкү диагноз коюлган: 2-типтеги кант диабети. 3-даражадагы жүрөктүн гипертониялык оорусу. Өнөкөт простатит. Дарттын диагнозун тактоо максактында эндокринологдун жана кардилогдун кеңешин алуу сунушталган.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы А. Ешходжаеванын 2019-жылдын 07-июнундагы №2028 катынын негизинде К. Ажимудиновго 2019-жылдын 20-июнунда Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКжТБ) кардиолог- дарыгеринин кеңеши берилген. Диагноз: Жүрөктүн коронардык оорусу — III функционалдык класстагы чыңалган стенокардия. Коронардык артериянын
аортасынын атеросклерозу. Өтө жогорку тобокелдиктеги 3-даражадагы
жүрөктүн гепертониялык оорусу. Гипертониялык жүрөк. II функционалдык
класстагы жүрөктүн жетишсиздик оорусу.

2019-жылдын 21-июнунда К. Ажимудиновго Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын эндокринолог дарыгеринин кеңеши берилген. Диагноз: 2-типтеги кант диабети. Гликогемоглобиндин максаттуу деңгээли 7,2 % төмөн. Диабеттик сенсордук полинейропатия, дисталдык симметриялуу. Буттардын диабеттик ангиопатиясы. Буттардын өнөкөт ишемиялык оорусу. Көздүн уясын медициналык тешерүүдөн, буттун кан тамырларын ультратолкундуу изилдөөдөн өткөрүү сунушталды.

2019-жылдын 13-сентябрында К. Ажимудинов Улттук кардиология жана терапия борборунун Амбулатордук-дарт аныктоо бөлүмүндө комплекстүү медициналык изилдөөдөн өттү. Дарыгерлер консилиумунун корутундусу: Клиникалык диагноз: Жүрөктүн коронардык оорусу — II, III функционалдык класстагы чыңалган стенокардия. Аортанын, коронардык, перифериялык артериялык кан тамырлардын атеросклерозу. Өтө жогорку тобокелдиктеги 3-даражадагы жүрөктүн гепертониялык оорусу. 2-типтеги кант диабети. Гликогемоглобиндин максаттуу деңгээли 7,5 % төмөн.

Дисталдык типтеги, сенсордук формадагы диабеттик полинейропатия. Диабеттик ангиоретинопатия. Боорду май басуу. 2-даражадагы семирүү. Түйүндүү богок, эутиреоз. Омурткалардын тегерекче кемирчегинин сезгенүүсүнөн келип чыккан бел-куймулчактын радикулити. Өттө таштын пайда болуусу.

Стационардык шартта сутка ичинде электрокардиограммалык байкоо жүргүзүү жана коронардык ангиографикалык изилдөө жүргүзүү, гликогомоглобинге изилдөө жүргүзүү, бир жумадан кийин сутка ичинде кандагы канттын деңгээлин текшерүү, көз дарыгеринин кеңеши сунушталган.Улуттук кардиология жана терапия борборунун сунуштарын эске алуу менен К. Ажимудинов 2019-жылдын 24-сентябрында жогоруда
аталган дарылоо мекемесине жаткырылган.

2019-жылдын 01-октябрында өткөрүлгөн коронардык ангиографиянын жыйынтыктары боюнча төмөнкү корутунду чыгарылды: Коронардык
артериянын эки тамырынын жабыркашы. Сунуш кылынды: Тери аркылуу коронардык кийлигишүү — стент коюу же аорта-коронардык шунт коюу маселесин чечүү үчүн Стресс-ЭхоКГ же сутка ичинде электрокардиограммалык байкоо жүргүзүү, базалык терапияны улантуу. Жогоруда аталган бардык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистеринин курамында
консилиум өткөрүлдү.

Корутунду диагноз: Жүрөктүн коронардык оорусу. Мультифокалдык атеросклероз. III функционалдык класстагы чыңалган стенокардия. Аортанын, коронардык, перифериялык артериялык кан тамырлардын атеросклерозу. Өтө жогорку тобокелдиктеги 3-даражадагы жүрөктүн гепертониялык оорусу. 2-типтеги кант диабети. Гликогемоглобиндин максаттуу деңгээли 75 %. Дисталдык типтеги, сенсордук формадагы диабеттик полинейропатия. Диабеттик ангиоретинопатия. 2 — даражадагы май алмашуунун бузулушу. Уйку мезгилиндеги дем алуунун бузулушу алып салынсын. Түйүндүү богок, эутиреоз. Омурткалардын тегерекче
кемирчегинин сезгенүүсүнөн келип чыккан бел-куймулчактын радикулити. Өттө таштын пайда болуусу.

Төмөнкү сунуштар берилди:
— диета кармоо;
— инсулинди пайдаланууга которуу маселесин чечүү боюнча канды
лабораториялык изилдөө;
— дем алуунун бузулушун алып салуу үчүн полисомнография изилдөөсүн
жүргүзүү;
— денеге физикалык күч келтирүү менен сутка ичинде электрокардиограммалык байкоо жүргүзүү.

Ачка абалда кандагы канттын төмөндөшүнөн кийин стресс-ЭхоКГ жүргүзүү жөнүндө маселе чечилсин, андан соң кардиохирургдун, рентгенхирургдун катышуусу менен аорта-коронардык шунт коюу зарылдыгы жөнүндө маселени чечүү үчүн дарыгердик консилиум өткөрүү.

2019-жылдын 08-октябрында берилген сунуштардын аткарылышы боюнча төмөнкү адистердин катышуусунда дарыгердик консилиум өткөрүлдү: Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери: клиникалык иштер боюнча директордун орун басары Иманакунова Ж. Ш, миокарддын курч инфаркты боюнча бөлүмдүн башчысы профессор Мураталиев Т. М., Артериялык гипертония бөлүмүнүн башчысы профессор Романова Т. А., рентгенхирург м.и.к. Абдылдаев И. З., кардиохирург м.и.к.
Адылбеков М. А., дарылоочу врач Жанышбекова Н. Ж. Консилиумдун
корутундусу: туруктуу чыңалган стенокардияны, артериялык гипертензияны,
кант диабетин, уйку учурундагы дем алуунун бузулушун жана башка
жүрөктүн коронардык оорусун оорлоштурган тобокелдик факторлорун,
коронардык ангиография изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен
бейтапка коронардык артерияларга шунт коюу же стент коюу көрсөтүлдү
жана дары-дармексиз жана дары-дармектер менен дарылоонун оптималдуу
терапиясын улантуу көрсөтүлдү.

2019-жылдын 08-октябрындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлеринин консилиумунун корутундусун эске алуу менен жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө иститутунун директору м.и.д. Ж. И. Ашимовдун 2019-жылдын 08-октябрындагы катынын негизинде айыпталуучу К. Ажимудинов 2019-жылдын 09-октябрында хирургиялык
дарылоо үчүн төмөнкү диагноз менен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө иститутуна которулган: Жүрөктүн коронардык оорусу. Мультифокалдык атеросклероз. III функционалдык класстагы чыңалган стенокардия. Аортанын, коронардык (бифуркационный стеноз ПНА ДВ1 70%. ДВ1 в устье стеноз 75%. ОВ до 50%. ПКА до 30%), перифериялык артериялык кан тамырлардын атеросклерозу. Өтө жогорку тобокелдиктеги 3-даражадагы жүрөктүн
гепертониялык оорусу. 2-типтеги кант диабети. Дисталдык типтеги, сенсордук формадагы диабеттик полинейропатия. Түйүндүү богок, эутиреоз. 2-даражадагы май алмашуунун бузулушу. Өттө таштын пайда болуусу.

2019-жылдын 10-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө иститутунун дарыгерлеринин консилиуму өткөрүлүп, анын жыйынтыгында хирургиялык дарылоо — аорта-коронардык шунт коюу сунушталган.

КР ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын майору А. Абдырасуловдун 2019-жылдын 08-октябрындагы токтомунун негизинде 2019-жылдын 15-октябрында 1958-жылы туулган К. Т. Ажимудиновго карата соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн, анда К. Ажимудиновдун ооругандыгынын аныктыгын, анын оорусуна
коюлган диагноздун жана дарылоо процедурасынын тууралыгын тактоо, атайын дарыланууга болгон муктаждыгын аныктоо маселеси коюлган.

Экспертизанын жыйынтыктары: К. Т. Ажимудиновдун ден соолугуна карата жүргүзүлгөн медициналык изолдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алып, кардиохирургиялык клиникада жүрөктүн негизги кан тамырларынын патологиясын түзөө менен аорта-коронардык шунт коюу түрүндөгү операция жасоо менен атайын дарылоо талап кылынат, андан ары кардиолог жана эндокринилог дарыгердин кароосуна муктаж. Операция 2019-жылдын 18-октябрына пландалган, бирок, айыпталуучу К. Ажимудинов андан баш тарткан (операцияны чет мамлекеттен жасатууну каалагандыгына байланыштуу).

2019-жылдын 22-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө иститутунун стационарынан чыгарылган.

Ден соолугунун абалынын жалпы начарлашынан К. Ажимудинов 2020- жылдын 21-январында Саламаттык сактоо министрлигинин 103 медициналык тез жардам кызматы менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун миокарддын курч инфаркты бөлүмүнө жеткирилген. Коюлган негизги диагноз: Жүрөктүн коронардык оорусу. Мультифокалдык атеросклероз. Туруксуз стенокардия, 2020-ж.21-январынан тарта оору күчөгөн. Аортанын, коронардык, перифериялык артериялык кан
тамырлардын атеросклерозу. Негизги оорунун пайда болушуна өбөлгө түзгөн: Өтө жогорку тобокелдиктеги 3-даражадагы жүрөктүн гепертониялык оорусу. Гипертониялык жүрөк. 2-типтеги инсулинге көз каранды кант диабети. Дисталдык типтеги, сенсордук формадагы диабеттик полинейропатия. Диабеттик ангиопротеинопатия, 1-стадия. 3-даражадагы май алмашуунун бузулушу. Дем алуунун бузулушу, жеңил формасы.

Коштоочу оорулар: Түйүндүү богок, эутиреоз. Омурткалардын тегерекче
кемирчегинин сезгенүүсүнөн келип чыккан бел-куймулчактын радикулити. Өттө таштын пайда болуусу. Буттардын вена варикозу. Ал стационардык дарыланууда болду. Улуттук кардиология жана терапия борборунун стационарынан 2020-жылдын 07-февралында чыгарылган.

Азыркы мезгилде К. Ажимудинов №1 тергөө изоляторунда медициналык кызматкерлердин байкоосунда.

Белгилеп кетүүчү нерсе, ЖАМК жазык-аткаруу тутумунун ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу укук корогоочу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости